Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:46

ӨЗБЕКСТАН КЫРГЫЗСТАН ЖАНА ТАЖИКСТАН МЕНЕН ЧЕКТЕШ РАЙОНДОРУН МИНАЛАРДАН ТАЗАЛАЙ БАШТАДЫ


Төрөкул Дооров, Прага Ушул жумада Өзбекстандын Өкмөтү Кыргызстан жана Тажикстан менен чектеш райондорун миналардан тазалоого киришкенин ырасмий жарыялады. Миналар чек-араларда 1999-2000-жылдардагы Баткен окуяларынан кийин баскынчылардан коргонуу ниетинде коюлган эле. Бирок ошондон бери алардан жергиликтүү калк гана жапа тартууда. Аймактарды минадан тазалоо иши башталганына бир апта болуп калса да, иш-чара тууралуу келип айтылып жаткан кабарлар кара-каршы ой-пикирлерди жаратууда.

Акыркы беш жылдан бери Кыргызстан жана Тажикстан менен чектеш райондордо отурукташкан өзбекстандыктар өздөрүнүн үйлөрүнөн сыртка чыгуудан коркуп келишти. Ушундан улам, Өзбекстандын Коргоо министрлигинин өкүлү Камалжон Жабаров ушул жумада жасаган билдирүү көптөн күтүлгөн кабардай кабыл алынды.

- 1-августтан тарта биз Өзбекстандын Сох жана Шахимардан анклавтарынын айланасын миналардан тазалай баштадык. Эларалык террористтик уюмдардын өкүлдөрү ошол аймактардан кире алышмак, андыктан биз миналарды ошол жерлерге катканбыз. Азыр кыргыз-өзбек чек-араларында жардыргычтар толук жок кылынууда, - деди Өзбекстандын Коргоо министрлигинин өкүлү Камалжон Жабаров.

Өзбекстан 1999-2000-жылдардагы Баткен окуяларынан кийин Кыргызстан жана Тажикстан менен чектеш райондорунда жикчилердин жолун тосуу максаты менен ал жерлерге миналарды көмүп салган. Андан бери Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын 100дөн ашуун атуулу бул бомбалардан жарылып өлгөндүгү маалым. Дагы бир канчалары жаракат алышкан.

Жергиликтүү калк мунун айынан жоготкон материалдык чыгымдар да арбын. Ал эми бомбаларды көмүү учурунда жоготуулар болгон-болбогону тууралуу маалымат жок.

Баткен областынын губернаторунун орун басары Шадыбек Бакыбеков өзбек бийликтери тарабынан башталган тазалоо ишин жакшы көрүнүш катарында баалады.

- Өзүңүздөргө маалым, буга чейин үч атуулубуз бомбалардан жарылып, көз жумушкан жана 6,5 млн.сомдон ашуун чыгашага учурадык, - деди Баткен областынын губернаторунун орун басары Шадыбек Бакыбеков.

Шаршемби күнү “Азаттык” үналгысынын кабарчысы Өзбекстандын Сох анклавында болуп, жергиликтүү калк менен беттешип кайтты. Анын айтымында, адамдар анклавтын тегерегинде эч кандай деле миналардан тазалоо иштерин байкашпаганын айтышууда.

Тажикстанга анын Өзбекстан жана Ооганстан менен чектеш райондорун минадан тазалоого колдоо көрсөтүп келаткан Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы Өзбек бийликтеринин чечимин жылуу кабыл алгандыгын билдирет. Ошол эле учурда, алар тажик-өзбек чек-арасында ыктымал жүрүп жаткан миналардан тазалоо иштери тууралуу эч кандай кабары жок экендиктерин айтышты.

Өзбекстандын Коргоо министрлиги миналаштырылган аймактарды кайра тазалоо ниетин өткөн айда билдирип, ошол эле учурда эларалык коомчулук, тагыраак айтканда, Улуттар уюму менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму, Өзбекстандын түштүк чек-арасын коргоонун башка жолдорун сунуш кылышын талап кылган.

ЕККУнун Ташкендеги өкүлү Мэри Керин вон Гуппенбергдин айтымында, айрым мамлекеттер менен эларалык уюмдар Өзбекстанга анын коопсуздугун минасыз камсыз кылуунун башка жолдорун сунуштаган.

- Ушул тапта ЕККУ менен бирге бир катар башка эларалык уюмдар жана айрым өлкөлөрдүн элчиликтери Өзбекстанга анын аймагын коргоонун ар кайсыл жолдорун талкуулап жатышат, - деди Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Ташкендеги өкүлү Мэри Керин вон Гуппенберг айым.

Ошол эле замат Өзбекстандын Коргоо министрлигинин өкүлү Камалжон Жабаров дагы бир проблемага көңүл бурууга чакырды. Ал бүгүнкү күнгө дейре миналар кайсыл жерлерге коюлгандыгы, же көмүлгөндүгү тууралуу так маалымат жок экендигин айтты.

- Биз чек-араны тез аранын ичинде тазалап кое албайбыз, анткени кайсыл жерде канча мина көмүлгөндүгү белгисиз. Айрым жерлерде 100 метр болсо, дагы бир жерлерде 200гө жакын болушу мүмкүн. Мен бул тууралуу так маалымат бере албайм, - дейт Өзбекстандык Коргоо министрлигинин өкүлү Камалжон Жабаров.

Жардыргычтар, негизинен, өзбек чек-арасынан чыкпай тургандай коюлушу керек болчу. Бул тартип бузулуп, миналар Кыргызстандын жана Тажикстандын аймактарына да өтүп кеткен. Ал жерлерге жакын жашаган калк мунун айынан чоң жоготууларга учураган.
XS
SM
MD
LG