Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:39

Ирандын президенти Иракка байланыштуу билдирүү жасады


Ирандын ИРНА агенттиги кабарлагандай, президент Мохамад Хатами Ислам конференциясы уюму Ирактагы крыдаалга арналган жыйын өткөрүүгө тийиш деген чакырык жасады.
Ал Конференциянын азыркы төрагасы, Малайзиянын премьери Абдулла Ахмад Бадавиге кайрылып, уюм Ирактагы кризистин начарлап кетишине байланыштуу шашылыш саммит өткөрүшү керек деп билдирди. Хаттаминин айтымында, Ирактын өткөөл өкмөтү Нажафтагы кырдаалдан улам кыйын абалга кептелди.
Буга чейин ушул эле агенттик Ирандын тышкы иштер министри Ирактын коңшуларына кайрылып, жаңжалга чекит коюууга салым кошууга чакырганын кабарлаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG