Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:48

БУУ КОСОВОДОГУ САЯСАТЫН ӨЗГӨРТҮШҮ ЗАРЫЛ


Төрөкул Дооров, Прага Бириккен улуттар уюму Косово администрациясын изилдөө аракетин улантууда. Ал эми ич ара араң сөзгө келип сербдер менен албандардын лидерлери Улуттар уюмун бул иште кубатсыз мекеме деп эсептешет. Улуттар уюмунун коопсуздук кеңеши өз максаттарын көп улуттуу бирикме катарында сактап калуу ниети менен саясатын өзгөртүү керектигин билдирди. Көптөгөн эксперттер коопсуздук кеңешинин Косово боюнча ишмердүүлүгүндө карама-каршылыктар көп экендигин айтып, анын мандаты кайра каралышы зарылдыгын белгилешүүдө.

Ушул аптанын дүйшөмбүсүндө Бириккен улуттар уюмунун Косоводогу алтынчы атайын өкүлү катарында дайындалган Сорен Йессен-Петерсон өз ишмердүүлүгүндө айрым маанилүү өзгөрүүлөрдүн, өзгөчө уюмдун ал жердеги аракеттерин жаңылоо зарыл экендигин түшүндү.

Эми даниялык дипломат Косоводогу бийлик өкүлдөрүн 1999-жылдагы этникалык зомбулукту баштан кечирген Косовону Улуттар уюму кайра бутуна тургуза тургандай реформаларды өткөрө алат деп ишендириши керек.

Жергиликтүү себрдер октябрда жергиликтүү кеңештерге өтүүчү шайлоолордо бойкот жарыялоого камынып жаткан кезде, Петерсон Белград менен Приштина ортосундагы диалогду кайра жандантууга милдеттүү.

Эң башкысы - Улуттар уюмунун жаңы өкүлү Косоводогу улуттук азчылыктардын укугун коргоого жетишиши керек. Бул ишти ага чейинки өкүлдөр аткара алышпаганы белгилүү.

Ошол эле замат Улуттар уюмунун коопсуздук кеңешинин өкүлдөрү жана көз-карандысыз эксперттер уюмдун Косоводогу ишмердүүлүгүнүн алкагын азайтуу зарылдыгын белгилеп жатышат. Андыктан ушул тапта Улуттар уюмунун жетекчилиги Косоводогу жоопкерчилигинин негизги бөлүгүн жергиликтүү бийликтерге өткөрүп берүүнүн жолдорун талкуулоого киришкен.

Ар кайсыл даражадагы жаңжалдарды чечүү боюнча Брюсселде түзүлгөн көз карандысыз Эларалык кризис тобу Улуттар уюмунун Косоводогу ишмердүүлүгүн кескин сынга алып келет. Анын билдирүүсүнө ылайык, Улуттар уюмунун аракеттери Косоводогу абалды жакшыртпастан, тескерисинче, аймактагы кырдаалдын курчушуна өбөлгө түзүп жаткандай.

Аталган европалык топтун жетекчиси Николас Уайт Улуттар уюмунун бюрократтары керек болсо эң эле жөнөкөй кызматты аткаруудан да баш тартып жатышкандыгын белгилейт.

- Электр жарыгы жана суу менен камсыз кылуу өңдүү инфраструктура начар иштеп калды. Негизи эле, Улуттар уюму Косоводо өзүн эларалык колдоо көрсөтүүчү тарап катарында мыкты көрсөтө алган жок, - дейт көз-карантысыз эларалык кризис тобунун директору Николас Уайт.

Улуттар уюму, Коопсуздук кеңешинин 1244-резолюциясынын негизинде, аймактагы полиция менен соттордун ишине көзөмөл жүргүзүп, экономикалык саясатты иштеп чыгат жана саясий жетекчиликтин ишмердүүлүгүнө көз салып турат.

“Март айында этникалык албандар сербдерге жана башка улуттук азчылыктарга жасаган чабуул Улуттар уюмунун ал жердеги коопсуздук чаралары дурус иштелбегенинин мисалы” – деп ойлойт Уайт. Анткен менен, анын айтымында, Улуттар уюму Косоводо жасаган эң ийгиликсиз аракеттер экономиканы башкаруу жана менчиктештирүү аракеттерине мүнөздүү.

Бирок Улуттар уюмунун экономикалык иштер боюнча өкүлү Катя Уоллрейфн Уайт келтирген айыптарды четке какты. Анын айтымында, Косовонун статусу так аныктала электиги менчиктештирүү жараянында олуттуу кыйынчылыктарды жаратты. Андыктан 2003-жылы бул иш убактынча токтотулган болчу. “Бирок азыр кайра ишке киргизилип, ушул тапта менчиктештирүү жараяны улантылууда жана 13-сентябрга чейин 13 компаниянын тагдыры чечилиши керек” – дейт Улуттар уюмунун өкүлү Катя Уоллрейфн.

Дэниел Сервер - америкалык Тынчтык институтунун Балкан проблемалары боюнча эксперти. Ал Косовонун статусун аныктоодогу түшүнүксүз жагдайга карабай, менчиктештирүү жараянына жоопкерчиликти жергиликтүү башкаруу органдарына өткөрүү зарыл деп билет. “Андан сырткары, коопсуздукту камсыз кылуу милдети да этникалык албандарга өткөрүлүшү керек”, - дейт Сервер.

- Улуттар уюму четтеги байкоочу же күчсүз мекеме катарында эмес, баарынын үстүнөн көзөмөл жүргүзгөн реалдуу бийлик болушу керек. Ал “качан жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ката кетиришет болду экен” деп коркуп олтура бербестен, тескерисинче, аларга көбүрөөк бийликти берип, ката кетирсе да анча көңүлгө албаса болот. Анткени баардык нерсе тажрыйба аркылуу таанылат эмеспи? Андан сырткары, Коопсуздук Кеңешинин 1244-резолюциясында этникалык албандарга коопсуздукту камсыз кылуу милдетинин кайсыл бөлүгү өткөрүлө тургандыгы так айтылган эмес. Ошондой болсо да, албандарга коюлган чектөөлөргө карабастан, аларга кичине болсо да жоопкерчиликтин өткөрүлүп жатышы - чоң жетишкендик, - деди америкалык эксперт Дэниел Сервер.

Бирок бул өңдүү пикирлер косоволук сербдердин жана Белграддагы бийлик өкүлдөрүнүн зээнин кейитиши мүмкүн. Анткени ушул тапта 200 миңге жакын косоволук сербдер коопсуздук чараларынын начардыгынан улам, үйлөрүнө кайта албай жүрүшөт.

XS
SM
MD
LG