Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:43

КҮЗ КЕЛДИ. ӨКМӨТ АЛМАШАБЫ?


Николай Танаев жетектеген өкмөттү Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны жайкы сессия учурунда кызматтан кетирүүгө аракет жасаган. Анда үч добуш жетишпегендиктен өкмөт аман калган эле. Эми күзүндө саясаттын курчушу менен өкмөттү алмаштыруу аракети кайрадан баштала турган болуп калды.

Бул жолу өкмөттү кызматтан кетирүү аракети Жогорку Кеңеш тараптан эмес, президент жактан чыгышы толук ыктымал. Анткени CSAC долбоорунун аткарылышы үзгүлтүкө учурап, анын айынан 18 миллион доллар насыя алуу, андан ары Париж клубунун алкагында тышкы карыздын бир бөлүгүн кечүү коркунучка учуроодо. Бул тууралуу Дүйнөлүк банк президент Аскар Акаевге жазган катында билдирген.

Мындан сырткары аткаруу бийлигин реформалоонун экинчи этабы ушул күзүндө турмушка ашырылат. Аны менен өкмөт кызматтан дароо кетет, дейт Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Валерий Диль:

- Биз мамлекеттик башкаруунун жаңы системасын иштеп чыгып жатабыз. Аны кабыл алуу менен өкмөт өзүнөн-өзү дароо кызматтан кетет. Жаңы система октябрь айындагы Эл өкүлдөр жыйынынын сессиясында бекитилиши мүмкүн.

Бирок ал жаңы система эскиден эмнеси менен айырмаланаары тууралуу маалымат бере албасын билдирди.

Өкмөттүн кендирин кесип жаткан CSAC долбоорунун талаптарын аткаруу, башкача айтканда, “Кыргызэнергону” менчиктештирүүнүн төртүнчү этабынын программасы Жогорку Кеңештин эки палатасынын жазгы сессиясында колдоо тапкан эмес. Эми күзгү сессия башталары менен бул маселени парламенттин күн тартибине киргизүүнү өкмөт башчы министрлерден талап кылды. Бирок абалдын татаалдыгын байкан премьер министр өкмөттүн жакын арада кызматтан кетүүсү мүмкүндүгүн кыйыта баштады:

- Биз болобузбу, же бизден кийин ким келсе да энергетика тармагында реформаны жыйынтыктап, тышкы карыздын бир бөлүгүн кечтирүүгө жеңилдик алыш керек.

Өкмөттүн ажаатын ачып, “Кыргызэнергону” менчиктештирүүнүн төртүнчү этабынын программасы күзгү сессияда парламентте колдоо табышы мүмкүнбү, деген суроо менен айрым депутаттарга кайрылдык. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Адахан Мадумаровдун жообу мындай болду:

- Ал программа жайкы сессиянын күн тартибине киргизилип, добуш берилип, колдоо таппай калган. Ага Николай Танаев өзү катышып отурган. Ошондуктан экинчи жолу алып кирүүгө эч кандай негиз жок. Бирок ,Үзөңгүкуушту жана башка маселелерди күчкө салып алып өткөндөй, бул жолу да күчкө салып алып өтүү аракети жасалышы мүмкүн. Бирок ал эч кимге абийир алып келбейт.

Ал эми Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Валерий Диль:

- Энергетика боюнча бардык маселелерди кароону биздин палата белгисиз мөөнөткө кийинкиге калтырган. Ошондуктан өкмөттүн абалы өтө оор. Анткени, ал бир жагынан Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта кору менен түзүлгөн долбоорлордун аткара албай, экинчи жактан парламенттен колдоо таппай отурат.Мындай шартта президент чечим кабыл алыш керек.

Жергиликтүү талдоочулардын пикиринде, өкмөттүн кызматтан кетүүсүнө аткаруу бийлигинин системасындагы өзгөрүүлөр, CSAC долбоорунун аткарылбашы эле эмес, эгерде Аскар Акаевдин 2005-жылдагы президенттик шайлоого катышпасы чындык болсо-анда анын өз мураскерин тандоо мезгили келип калгандыгы да таасир этери турган иш.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG