Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:26

Ысыккөл облустук бийлиги безгек оорусун алдын алуу боюнча токтом кабыл алды


КАРАКОЛ. Кабыл алынган токтомго ылайык облустук ооруканалар бирикмесинин башкы дирекциясы безгек оорусунун эпидемиялык мезгилинде калкка жардам берүү үчүн дарылоо мекемелерин камсыз кылат. Ошондой эле безгек илдетинин алгачкы белгилери билинип, бул оору боюнча эпидемиялык региондордон келген адамдардан кан алууга тыюу салынат. Ал эми жергиликтүү башкаруу органдары көлгө же сазга айланган бардык жерлердин картасын кайра түзүүгө тийиш. Мындан тышкары сугат суулардын ташкындоосуна жана көлчүктөрдүн пайда болушуна жол берилбей, арыктарды тазалоо жумуштары бүткөрүлөт. Кошумчалай кетүүчү маалымат: алгачкы жолу безгек оорусу өткөн жылы Каракол шаарында катталган.

XS
SM
MD
LG