Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:34

ЮСАИД мугалимдердин адистик деңгээлин көтөрүүнү колдоп жатат


БИШКЕК. Быйыл сентябрдан баштап атайын окуудан өткөн мугалим-машыктыруучулар бири-бирине жамаатташ жайгашкан 84 мектептин 4 миң мугалимине окутуунун интерактивдүү усулун үйрөтө баштайт. Бул иш чара ЮСАИДдин үч жылдык долбоорунун алкагында иш ашат. Мектептерде адистик деңгээлди жогорулатууга коомчулукту катыштыруу максатын көздөгөн бул долбоор 2003-жылдан бери Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан өлкөлөрүндө бир учурда ишке ашып жатат. Төрт өлкөнүн өкүлдөрү долбоордун ишке ашышы боюнча тажрыйба алмашуу форумун 16-18-августта Ысыккөлдө өткөрүштү. Долбоорду Билим берүү аркылуу өнүгүү академиясы, Ачык коом институту жана АКШ менен Британиянын Балдарды коргоо альянсы ишке ашырууда. Тараптар үч жыл ичинде аталган өлкөлөрдүн билим берүү тармактарында жеткиликтүү, сапаттуу билимди камсыздоо, ата-энелерди, коомчулукту билим берүүгө тартуу аркылуу мугалимдер курамын чыңдоо максатын көздөйт.

XS
SM
MD
LG