Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:52

Акаев: эки ГЭСтин курулушу Борборазиядагы суу-энергетика проблемаларын чечет


БИШКЕК. Орусиянын «Бирдиктүү электр системасы» акционердик коомунун башчысы Анатолий Чубайстын Кыргызстанга жасаган эки күндүк сапары кечээ кечинде соңуна чыкты. Москвага кайтаар алдында Анатолий Чубайс менен Кыргызстандын премьер министри Николай Танаев «Камбарата-1 жана Камбарата -2 ГЭСтеринин курулушун бүткөрүү долбоорун ишке ашырууга биргелешип даярдык көрүү тууралуу» меморандумга кол коюшкан.
Ал эми президенттин басма сөз кызматынын бүгүнкү маалыматына караганда Анатолий Чубайсты президент Аскар Акаев Чолпонатадагы мамлекеттик резиденцияда бейшембиде кабыл алган. Жолугушууда мамлекет башчысы Кыргызстан менен Орусиянын энергетика тармагындагы компаниялардын кызматташтыгынын өзгөчөлүгүн белгилеп, Нарын дайрасынын жээгинде Камбарата-1, Камбарата-2 ГЭСтеринин курулушуна байланыштуу долбоорду жүзөгө ашыруу иштери башталганын маалымдады. Ошондой эле Аскар Акаев эки ГЭСтин курулушу Борборазия аймагында суу-энергетикалык проблемаларды чечүүгө шарт түзөөрүн жана республикадан башка аймактар да электр кубаты менен толук камсыз болоорун белгилеген.

XS
SM
MD
LG