Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:47

Иракта Польшанын бир, АКШнын 3 аскери курман болду


Ирактагы Хиллах шаарында машинедеги бомба жардыруусунан Польшалык бир аскер өлүп, алтоо жараат алганы маалымдалды. Америкалык командачылык Багдадда соңку 24 саат ичиндеги кагылышууларда АКШнын үч аскери курман болуп, бешөө жараат алганын билдирди. Адегенде Багдаддын түштүк тарабындагы аскердик машинеге граната ыргытылып, бир жоокер набыт кетип, экөө жарадар болушкан. Дагы эки америкалык аскер Самарра шаарынын жанында жолдогу бомбага жарылып мерт болушкан. Рамади калаасында Ирактык полициячы үйүнө кирип бараткан жеринен атылып өлтүрүлдү.

XS
SM
MD
LG