Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:25

Жон Керри шайлоо комиссиясына арыз жолдоду


АКШ президенти Жорж Буштун алдыдагы шайлоодогу башкы атаандашы, демократ Жон Керри шайлоо комиссиясына кайрылып, анын Вьетнам согушундагы эрдигине көлөкө түшүргөн видеотасманы көрсөтүүгө тыюу салууну өтүндү. Ал рекламалык тасмада Керри согуштагы каармандыгы жөнүндө апыртып жатканы үчүн айыпталып, азыркы күндөрдөгү согуштарды сындаган сөздөрү көрсөтүлгөн. Керри ал тасманы тарткан Согуш ардагерлери тобун президент Буштун кампаниясына мыйзамсыз түрдө иштеп жатат деп күнөөлөдү. Ак үйдүн басма сөз өкүлү Скотт МакКлеллан ага мындай жооп кайтарды. "Биз буга чейин эле бул рекламалык тасмага эч кандай тиешебиз жок экенин айтканбыз. Менимче, сенатор Керри чыдамын жоготуп баратса, ал азыркы президентке каршы чабуул коюуга негиз боло албайт", - деди ырасми Вашингтондун өкүлү. Жон Керри Вьетнам согушунда беш медаль менен сыйланып, андагы аскердик жетишкендиктерине президенттик кампаниясында басым жасап келатат.

XS
SM
MD
LG