Алардын лидери Муктада ас-Садр мурдараак ыйык жайларды динаятчыларга өткөрүп берүүнү убада кылган. Ас-Садрдын жоокерлери эки жумадан бери Нажафтагы Имам Алинин күмбөзүнүн тегерегиндеги ыйык жайларды ээлеп алган бойдон. Ас-Садрдын кеңешчиси Шейх Ахмед ал-Шейбани диний жайларды Аятолла Али ас-Систанинин өкүлдөрүнө өткөрүп берүүнүн жол-жоболору али такталып жатканын билдирип, андан кийин да садрчылар Нажафтагы ыйык жайларды коргоо ишин уланта берерин эскертти. Ас-Систанинин өкүлдөрү кечээ шийи согушкерлери диний жайлар үчүн жоопкерчиликти алардан мурун ал жерлерди бошотушу керек деп айтышкан. Шаарда мурдагы күнкү айыгышкан салгылаштардан кийин тынчтык өкүм сүрүп турганы кабарланууда.