Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:25

Пакистанда АКШнын элчилигине жана өкмөттүк имараттарга кол салууну көздөгөндөр кармалды


Пакистандын ички иштер министри Файсал Салех Хаяттын бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, кармалгандар Усама бин–Ладендин "ал-Каида" уюму менен тикелей байланышта турган жана Пакистан президентинин, премьер-министринин резиденцияларына, АКШнын Исламабаддагы элчилигине кол салууну пландашкан. 11-15 августун аралыгында кармалган он адамдан ири өлчөмдө жардыруучу заттар, курал –жарак табылган. Мурадараак Пакистандын маалымат министри Ахмед Рашид кармалгандардын башында египеттик эки атуул турганын билдирген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG