Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:48

Кытай Дэн Сяопиндин жүз жылдык мааракесин белгилөөдө


Бийликке 1976-жылы келген Дэн Сяопин - Кытайдагы экономикалык реформалардын баштоочусу. Ал ошондой эле Кытайдын саясий системасы кандайдыр бир деңгээлде либералдаштырылышына да салым кошкон. Ошол эле учурда 1989-жылы Пекинде студенттер демонстрациясынын күч менен басылышына Дэн Сяопиндин катышы бар деп эсептелет. Андагы толкундоолордун учурунда миңдеген адамдар мерт болгон эле. Өмүрүнүн соңку жылдары эч кандай мамлекеттик кызматтарды ээлебеген Дэн Сяопин 1997-жылы дүйнөдөн өткөн. Президент Ху Цзиньтао Дэн Сяопиндин 100 жылдыгына арналган бүгүнкү жыйында сүйлөгөн учурунда Кытай Тайвандын көз карандысыздыгына жол бербесин эскертти. Бирок Пекин Тайвань Кытайга дипломатиялык жол менен тынч кошулушун кааларын белгиледи. Ху Цзиньтао ошондой эле анын өлкөсү Дэн Сяопиндин максатын ишке ашыырууну, Тайванды Кытайга Гонконг сыяктуу "бир мамлекет, эки система" модели астында кошууну көздөөрүн да айтты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG