Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:11

Орусия президенти Чеченстанда болду


Чеченстанда кыска сапар менен болгон Владимир Путин Центорой кыштагында республиканын орусиячыл президенти маркум Ахмад Кадыровдун мүрзөсүнө гүлчамбар койду. Маркумду эскерүү сөзүндө орус президенти мындай деди:

- Сиздер менен биздин максатыбыз жана милдетибиз Ахмад ажы Кадыров ойлогондордун баарын, ал баштаган нерселерди ишке ашыруу. Муну чечен калкы үчүн, Чеченстанда жашап аны мекеним деп эсептегендердин баары үчүн, Орусия үчүн жасоо.

Путиндин жанында чечен өкмөтүнүн вице-премьери, маркум Ахмад Кадыровдун уулу Рамзан Кадыров жана республиканын ички иштер министри Алу Алханов болду. Алу Алханов - Чеченстандын президенттигине Кремль колдогон талапкер жана келерки жекшембидеги шайлоодо жеңип чыгаары күтүлүүдө. Быйыл 9-майда Грозныйдын стадионундагы жарылуудан курман болгон Ахмад Кадыров эртең 53 жашка чыкмак. Орусия президенти Чеченстанга барардын алдында, өткөн түнү Грозныйда чечен согушкерлеринин кол салууларынан бир нече адам каза тапкан.

XS
SM
MD
LG