Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:20

Польша Ирактан аскерлерин болушунча тез чыгарып кетүүнү каалайт


Бул тууралуу өлкөнүн коргоо министри Ежи Шмайдзински билдирди. Бүгүн Польшанын Ирактын түштүгүндөгү аскерий базасында болгон министр ошол учурда аскерлер чыгарылып кеткенге чейин бул чөлкөмдө стабилдүүлүк жана коопсуздук орнош керектигин белгиледи. Ал эми түштүктөгү Нажаф шаарында болсо АКШ баштаган аскерлер менен шийиттердин радикал динаятчысы Моктада ас-Садрдын согушкерлери ортосунда айгышкан уруштар уланууда. Моктада ас-Садрдын жактоочулары шийиттер үчүн ыйык деп эсептелген имам Али мечитинде азыр да турат. Ас-Садрдын жардамчысы Шейх Ахмед ал-Шейбани имам Али мечитинин ачкычын шийиттердин диний көсөмү аятолла Али Систанинин адамдарына өткөрүп берүү боюнча сүйлөшүүлөр убактысынча токтотулганын маалымадады.
Ал эми АКШ аскерлеринин өкүлү, Мишель Трокмортон Нажафтагы операциялар жөнүндө мындай дейт:

- Биз өзүбүздүн күч менен көп нерселерди жасай алабыз, анткен менен биз ага барган жокпуз. Бир ирактык тарап: полициябы, улуттук гвардиябы, башкаларбы иштешип жатабыз жана алар менен иштешүүнү улантабыз. Биз муну жалаң америкалыктардын салгылашуусуна айланткыбыз келбейт. Биз ирактык күчтөрдүн артында турабыз жана алар менен мүмкүн болушунча иштешебиз.

Ирак бүгүнтөн тартып мунай эспортун кадимки калыбына келтирди. Өлкөнүн мунай компаниясынын өкүлүнүн билдиргенине караганда, азыр түштүктөгү эки терминалга мунай суткасына 1 миллион 900миң баррел өлчөмүндө түшүүдө. Мунай экспорту ас-Садрдын согушкерлеринин муунай куурлары жардырылары жөнүндөгү коркутууларына байланыштуу акыркы эки аптадан бери азайтылган болчу.

XS
SM
MD
LG