Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:30

«КАНТИП ИШКЕРЛИК КЫЛУУ КЕРЕК?» 4-берүү: Бизнес-план банк үчүн эле керекпи?


Сапар Орозбаков, Бишкек Иш кылуу үчүн акча керек. Акчаны банктан аласың. Банктар болсо "бизнес–план түзүп кел" дешет. Азыр бизнес-плансыз бир дагы банк акча бербейт. Кайда барба «баланча банк акча берем, бизнес-план жасап кел деп айтты» деп чуркап жүргөн адамдарды көрөсүң. Алар «бизнес-план түзүп берчи» деп колунан бирдеме келген дос-тааныштарына барып жалдырашат. Же бизнес-план даярдоого адистешкен атайын компанияларга кайрылышат.

«Кыргызконцепт» компаниясы буга чейин банктан кредит алган эмес. Бирок ал бизнес-плансыз эч бир иш баштабайт. Бизнес-план деген эмне?

Эмил Үмөталиев, «Кыргызконцепт» компаниясынын жетекчиси:

-Бизнес план деген - бир ишти баштар алдында ойлогон оюңду – иш башталгандан тартып аягына чыкканга чейинки кадамдарыңдын баарын кагаз түрүндө жазып алганың. Ал - өз максатын ишке ашырыш үчүн ишкердин жасай турган кадамдарын - «мына мындай оюм бар, ал ойду ишке ашырыш үчүн мен момундай иштерди жасашым керек, ал иштерди жасаш үчүн момундай каражаттар болуш керек, ал каражаттарды табыш үчүн момундай иш чараларды көрүшүм зарыл, болбой калса мындай кылам, болуп кетсе момундай мүмкүнчүлүктөр ачылат, иштин аягына кантип чыгып, канча пайда табам» деген өңдүү кадамдар. Ишкер ушуларды эсептеп, кагазга жазып алса, ал – бизнес-план болуп эсептелет. Бирок бизнес-план сөзсүз эле кагаз түрүндө болбойт. Ал ишкердин башында ой түрүндө деле түзүлүшү мүмкүн.

Банктар жана фонддор бизнес-планды, ишкер кредитти алганда, анын иши чыны менен эле киреше берип, алган акчасын кайтарып бере аларын текшериш үчүн талап кылышат. Айрымдары бизнес-планды алып эле тим болбой, анын аткарылышын да такай көзөмөл кылып турушат.

Чыныбай Турсунбеков, «Акун» компаниясынын жетекчиси:

- Кээ бир банктар бар. Аларга ишкерге акча бериш үчүн кагаз керек. Алар сиздин кандай иштеп жатканыңызды текшербейт. Койгон күрөөңүздү алып, сизге акчасын берет. Алар үчүн эптеп акча кайра кайтарылса болду. Кээ бир банктар бар. Алар сиздин түзгөн бизнес-долбооруңузга жараша көзөмөл кылышып, иш кантип жатканын кийин сурап турушат. «Бизнес-планда сиз мынча акча чыгарам деп көрсөткөнсүз, биз мынча акча чыгармакпыз, мобуга момунча акча кетет дегенсиз, чындап эле кеттиби, ишиңиз кандай жүрүп атат» деп, бизнес-пландын аткарылышын текшерип турушат. Бизнес-планды банк учурунда көзөмөл кылып турса, акчанын кайтар-кайтпасына анын көзү жетип турат. Маселен, мен акыркы кезде иштешкен банктар ушундай. Өздөрүнүн эксперттерин жиберип, менин жасап аткан ишимди, чыгарып жаткан продукциямды, аны кайда, кантип сатып жатканымдан бери - баардыгын текшерип, ар бир кыймыл-аракетимди карап турушат.

«Бизнес-план» иштин көлөмүнө карабай - баардыгына түзүлөт. Чоң ишке албетте чоң бизнес-план керек. Мисалы, Кумтөр алтын кенин ишке киргизер алдында «Камеко» корпорациясы бир нече жүз барактан турган техникалык-экономикалык негиздеме жасап, аны даярдоо үчүн чет өлкөдөн кеңеш берүүчү компания жалдаган. «Камеко» ага 5,5 млн. доллар төлөп берген.

Чакан иш үчүн адатта 10-20 барактан турган жөнөкөй бизнес–план түзүлөт. Аны кантип түзүү керек?

Камила Кененбаева, ишкерликти өнүктүрүү фондусунун баш директору:

- Сизге түшүнүктүү болуш үчүн мен азыр сизге четтен эле алып бир бизнес-план көрсөтөйүн. Мына көрдүңүзбү, бизнес-пландын биринчи бетинде ишкердин аты-жөнү, анын кайсы райондон экени, өзүнүн канча акчасы бар экени, канча акча кредит алгысы келери жазылып турат. Экинчи-үчүнчү беттеринде болсо «кайсы жерде иштеп атат, кандай мүмкүнчүлүккө жетти, эмне үчүн буга кредит керек болуп калды» деген маалыматтар бар. Кандай машинеси, жарак-жабдыктары бар экенин, эмнеси жетпей жатканын жазат. Өзүнүн жасайм деген ишин бүт жазат. Негизгиси, киреше менен чыгашасын эсептейт. Бизде атайын эксперттик топ бар. Ал эксперттик топ ишкердин киреше жана чыгашасын изилдеп, анын кредитти кайтара алар-албасын аныктайт. Эксперттик топ андан тышкары иште кандай кыйынчылыктар болорун белгилеп, ишкерге өзүнүн сунушун да берет. Ага кредит берсе болор –болбосун чечет.

Бир сөз менен айтканда, бизнес-планда сиз баштаган ишиңизден пайда табаарыңызды, алган акчаңызды кайтарып берериңизди далилдешиңиз керек. Азыр бизнес-планды түзүү боюнча көп методикалык көрсөтмөлөр чыгып жатат.

Жөнөкөй бизнес-план адатта 5-6 бөлүмдөн турат. Анда титулдук бет, ишкана жана ишкер жөнүндө маалыматтан тышкары, ишкер иштей турган тармактын абалы жана келечеги тууралуу иликтөө, ишкер өндүрө турган продукциянын мүнөздөмөсү, өндүрүлгөн товарды сатып өткөрүү (маркетинг) планы, өндүрүш планы жана каржы планы чагылдырылат. Каржы планы - бул түшө турган киреше менен продукцияны өндүрүүгө кете турган чыгымдардын эсеби.

Бизнес-план кредит берүүчүлөргө окумдуу болуш үчүн болушунча кыска жана так жазылууга тийиш. Бизнес-планды толук окуунуу каалабаган инвесторлор үчүн анын биринчи бетинде адатта бир эле караганда түшүнүктүү болгудай иштин маңызы кыскача баяндалат.


Көп адамдар жеңил кыялга жеңдирип жиберишет. Өзү чыгарган продукцияны эл талашып алып кетет деп ойлоп, бизнес-план түзгөндө анын баасын жогору коюп алышат. Же бирөөдөн бирдеме сатып алса, ал бекер бере тургансып, арзан баалашат. Бир нече күндө бүтчү ишти бир эле күндө бүтүрө салам деп жаңылышат. Жеңил кыялга алдырганда баардык эле иш пайда берчүдөй, пайда бергенде да көп киреше берчүдөй болуп сезиле берет. Чала иштелген бизнес-план сизди туура эмес чечимдерди кабыл алууга, салган акчаңыздан айрылып, банкрот болууга алып келиши мүмкүн. Буга байланыштуу жаңыдан иш баштайм деген ишкерлерге сабак болчу бир окуя.

Бишкектеги «Эмель» аттуу жоопкерчилиги чектелген коомдун жетекчиси Абдисалим Чылымов ишкерликти адегенде эл катары эле базардан баштаган. Бирок анын биринчи иши натыйжалуу болгон эмес. Абдисалим Чылымов өзү ал жөнүндө мындай дейт:

-Мен илимдер акедемиясында иштечүмүн. Оокат өтпөй калды. Айлыгыбыз такыр жетпейт. «Эмне кылыш керек» деп ойлондум. «Элдин баары эле базарга барып жатпайбы» деп, мен да базарга бара баштадым. Үч ай бою базарга барып жүрдүм. Эч нерсе саткан жокмун. Жөн эле галстукту тагынып алып, эртең менен эрте бара бердим. Үч айдан кийин өзүмдү «профессор» сезип калдым. Мисалы, бирөө базарга бирдеме сатып алуу үчүн келсе, ал товарды канчага сатып алаарын, сатуучу канчага сатаарын алдын ала билип калдым. Анан «профессор» болуп алдым деп, бир кишиден акча алдым процентке. «Өзүм бир соода кылып көрөйүн» деп, айылга барып, мал алдым. Жаңы жылдын асты болчу. Малды айылдан союп, алып келип, этин өткөрүп көрдүм. Эптеп жүрүп, эки айда араң эттин баарын өткөрүп бүткөрдүм. Санасам, алган акчамды берет экенмин, анын процентин берет экенмин, өзүмө эч нерсе калбайт экен. «Бул жерден мен кандай ката кетирдим» деп ойлонуп көрсөм, бизнесте, өзгөчө алып-сатуу ишинде убакыт фактору деген бар, мен ошону эсепке албай калыптырмын.

Суроо: - Убакыт фактору дегениңиз эмне? Ошону түшүндүрө кетсеңиз.

- "Убакыт фактору жакшы болбой калды" дегеним мен ойлоптурмун, акча менен барсам, айылда «мени келет деп эле эл күтүп турат» деп. «Эки-үч күндүн ичинде көп мал алам дагы баарын союп, даярдап келем» деп ойлогом. Эгерде менин ошол оюм туура болуп, эки-үч күндө келсем, жаңы жылдын асты болуп, эт өтүп кетмек. Мен жаңы жылды өткөрүп, 10-15 күндөн кийин келдим. Эмне жасаарда ошол иш канча убакытта бүтөт, ошону эске алыш керек. «Бизнес-план» деп коёт. Ошол бизнес –планга реалдуу убакытты коюш керек. Эгер мен мурдатан айылга барып, базарга канча мал чыгарын изилдеп чыкканда, мындай ката кетирмек эмесмин.

Бизнес-план жалаң гана банк үчүн, банктан акча алыш үчүн керек деген ой туура эмес. Ал инвесторлорго, компаниянын башка ээлерине, анда иштеген жөнөкөй жумушчуларга да маанилүү документ болуп эсептелет. Жакшы бизнес–планыңыз болсо, өнөктөштөрүңүз сизге ишенип, жардам берчүлөрдү табуу жеңил. Ишти жүзөгө ашырганда ката көп кетпейт. Ишкананы башкаруу да оңой.

Биринчи кезекте бизнес–пландын ишкердин өзү үчүн мааниси чоң. Ал так эсеп жүргүзүүгө, жиберген каталарды өз убагында оңдоп, туура чечим кабыл алууга жардам берет.

Төлөндү Тойчубаев, «MNT consulting» компаниясынын жетекчиси:

- Банктан кредит алганга бизнес-план түзүш керек деген ой - эң туура эмес ой. Бизнес-план ар бир ишкерде болуш керек. Ар бир ишкер эмне иш кылып атат, продукциясын кимге, канчадан сатат, атаандаш чыкса эмне кылат жана чыгарып аткан продукциясынын өздүк наркын түшүрүш үчүн кандай аракет жасайт, ошонун баарын тактап, кагазга жазып алып турбаса, анда ал эч качан астыга жылбайт. Анда бизнес болбойт. Ал жөнөкөй эле оюн болуп калат. Кээ бир кишилер бизнести оюн көрүшөт. Айылдагы кишилерди байкасаңар, алар көнгөн адаты менен картошка же буудай тигишет. Андан пайда барбы, жокпу, канча сомго сатат, жер семирткичти канчага алат, канча салык төлөйт, кагазга жазып эсептеген киши жок. Менин эсебимде айыл чарбасындагы элдин көпчүлүгү минуска жашап жүрөт.

Суроо: -Бизнес-план деген эмне?

- Бизнес-план деген өзүңдүн жасап аткан ишиңди эсептеп, тактап алуу. Ошол эсепти кагазга түшүрүп алсаң, кагаз түрүндө болот. Мээңде болсо, ой түрүндө болот, кандай болгон күндө да аны майын чыгарып, тактап албасаң, эч качан бизнесиң жакшы жүрбөйт.

Банк үчүн кандай бизнес-план түзөсүз, аны өзүнүз билиңиз. Ал эми өзүңүз үчүн түзгөн бизнес-план реалдуу болуш керек. Ал үчүн сиздин ишиңизге байланыштуу маалыматтардын баарын чогултуп, жасай турган кадамдардын баарын санап, так эсеп жүргүзүүгө аракет кылыш керек. Ар бир иште - ал иш жөнөкөй болсо дагы - толгон-токой кыйынчылыктар болот. Эгерде акча табуу оңой болсо, элдин баары байып кетмек. Кыйынчылыктарды жаап-жашырбай, ага тике караш керек. Аларды алдын ала так аныктап, ишке тийгизчү таасирин азайтуу максатында колдон келген баардык чараларды караштыруу зарыл.

Абдисалим Чылымов бир ката жиберип күйгөндөн кийин бизнес-планга өтө чоң маани берип калды. Ал азыр бизнес-план ишкерге өтө зарыл документ экендигин жакшы түшүнөт.

Абдысалим Чылымов, «Эмель» компаниясынын жетекчиси:

- Бизнес-план ишкер үчүн сөзсүз керек. Жана ойлонуш керек дебедимби. Ошол ойдун баары бизнес-планга жазылышы керек. Ар бир иштин өз тоскоолдуктары болот. Мен бир иш жасаарда адатта мындай кылам. Дептер алам да, анын бир бетине ортосунан тең бөлүп, "Т" деген тамга сыяктуу түз сызык сызам. Анын бир жагына иштин ишке ашырууга артыкчылык берген жагдайларын, экинчи жагына тоскоолдуктарын жазам. Эгер анын тоскоолдук түшүрүлгөн жагы көп болуп кетсе, мен ал иштен баш тартам. Артыкчылыгы көп болгон гана ишке киришем. Банктар, албетте, акчаны жөн беришпейт. Алар акча кайтарыларын билгилери келишет. Бирок бизнес-план ишкер үчүн да маанилүү. Кичинекей иш болсо да, ширенке алып сатсаң дагы, бизнес-план түзүш керек.

«MNT consulting» компаниясынын жетекчиси Төлөндү Тойчубаев бизнес-планды өз компаниясы үчүн гана түзбөстөн, аны кантип түзүш керек экендиги тууралуу туризм боюнча иш баштаган ата-энесине да үйрөтөт.

Төлөндү Тойчубаев, «MNT consulting» компаниясынын жетекчиси. 33 жашты. Орто мектепти Кемин районунда айылдан бүтүргөн. Мектепте «4» жана «5» деген баага окуган.
Аскердик кызматты өтөп келгенден кийин Кыргыз техникалык университетинин менеджмент факультетине кирген. Студенттердин алдыңкысы болгон. 1996-жылы университетти аяктагандан кийин мамлекеттик мүлк фондусунда бөлүм башчы, кийин премьер-министрдин аппаратында корпоративдик башкаруу борборунун жетекчиси болуп иштеген. Өзүнүн айтымында, өкмөттүн берген айлыгы аз болуп, кедей жашагысы келбей кызматын таштап, бизнеске өткөн.

Төлөндү Тойчубаев – бойдок. Кыргыз, орус тилдери менен катар англис тилинде эркин сүйлөйт.
Төлөндү Тойчубаев өзү жетектеген «MNT consulting» компаниясын 1998-жылы 2 жолдошу менен бирге ачкан. Компания чет өлкөлүк уюмдардын заказы менен Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Орусиянын жана Монголиянын экономикалык маселелерине байланыштуу изилдөөлөрдү жүргүзөт. Компанияда азыр 40ка жакын киши иштейт.


- Ата-энем айылдык карпайым эле кишилер. Айылда жашаган элге окшоп, мал-сал багышып, оокат кылышат. Айыл чарбасынын азап жери бар эмеспи. Жылда картошка өстүрүшөт. Картошканын баасы бир жылы 5 сом, бир жылы 50 тыйын болуп калат. Кою болсо бир жылы 1000 сом, бир жылы 3000 сом. Ушундай тобокелчилиги чоң иш кылышат. Анан жаздыр-күздүр эле мага келип, «Төлөндү, бензин алат элек, май алат элек, жер айдатат элек, он миң берип тур, жыйырма миң сом берип тур, күзүндө картошканы сатканда беребиз» дей беришет. Күзүндө балээни бермек беле, өздөрү пайда таппаса. Мен бир жолу «туугандар, жөн эле убара боло бербей мунуңарды токтоткула, иш кылсаңар, акча бере турган чыныгы бизнес баштабайсыңарбы» дедим. Апам менен улуу агам макул болушуп, "анда туризм баштайлык" деп калышты. Мен да аларга дароо эле акча бере койгон жокмун. «Биринчи жакшылап ойлонуп көргүлөчү, кайсы туристтерге кызмат көрсөткөнү жатасыңар» дедим. Алар ойлонуп калышты. «Биздин кыргыздар эс алганды билишпейт, биз кызмат көрсөтсөк ушул чет өлкөдөн келген туристтерге кызмат көрсөтөбүз, алардын эки түрү болот экен, бири бизде жыл бою жүрүшкөн чет өлкөлүк бизнесмендер, экинчиси жайында келип эс алып кеткен туристтер» деп, алды менен Кыргызстанга канча турист келерин такташты. «Биз чоң колмпания болбогондон кийин көп турист тосо албайбыз, биз ошол туристтердин 0,001 процентин алсак, жылына 100 турист тосот экенбиз» дешти. Анан 100 туристти чакырыш үчүн эмне кыларын ойлонушту, «жөн эле жарыя берелиби, же элчиликтерге барып, маалымат кылалыбы» деп. Андан кийин ошол 100 турист кандай эс алгылары келишерин, алар акчаны эмнеге жумшаарын изилдешти. «Тамагыбыз мындай болуш керек экен, мейманкана салышыбыз керек экен» деген чечимге келишти. Эң акырында гана акчага такалып, «100 туристти тосуш үчүн 100 миң сом керек экен» дешти. Бирок кайра ойлонушуп, мейманкана салып акча коротпой эле, үйдөгү эле эки бөлмөнү тазалап, актап, киргизбейбизби» деп калышты. Анда 50 миң сом эле акча кетет экен. Анан менден 50 миң сом алышып, даараткана салышты, ысык-муздак суу киргизишти. Алар турист тосуп башташканына быйыл 5 жылдын жүзү болуп калды. Быйыл 100 эмес 500 турист тособуз деп жатышат.
XS
SM
MD
LG