Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:02

Ушул күздө өкмөт өлкөнүн энергетика тармагын реформалоонун төртүнчү этабын турмушка ашырууга аракеттенүүдө. Бирок ал программанын парламентте колдоо табышы кыйынчылыкка учурашы азыртан эле айкын болууда. Дегеле бул тармакты реформалоонун зарылдыгы барбы жана анын натыйжасы эмнеге алып келет?

Өкмөт энергетика тармагын реформалоонун акыркы этабын, башкача айтканда, бөлүштүрүүчү компанияларды менчиктештирүүнү баштоонун алдында турат. Ал үчүн эл аралык каржы уюмдарынын кысымы менен түзүлгөн өкмөттүн программасы парламентте колдоого алыныш керек. Ал эми колдоого алыныш үчүн “депутаттарга энергетика тармагын реформалоонун оң натыйжасын түшүндүрүп берүү керек” дейт премьер-министр Николай Танаев:

- Биз үчүн реформанын оң жагын көрсөтүү маанилүү. Ансыз бизди депутаттар түшүнбөйт. Андан сырткары бул - парламенттин акыркы сессиясы. Депутаттар популярдуу эмес чечимдерди кабыл алууга барбайт. Ал эми реформанын жакшы жагы болсо - ал аркылуу энергетика тармагындагы кемчиликтердин, маселен, төлөбөстүктөрдүн, карыздардын бети ачылды. Булар мурда жабык болуп келген эле да.

Белгилей кетүүчү нерсе, бирдиктүү “Кыргызэнерго” компаниясын 1990-жылдардын соңунда акционердик коомго айлантуу менен тармак реформалана баштаган. Андан кийин “Кыргызэнерго” бир нече компанияларга бөлүнгөн. Эми реформанын акыркы этабында бөлүштүргүч компанияларды менчикке берүү жагы караштырылууда.

Жогорку Кеңештин көпчүлүк депутаттары энергетика тармагын бытыратууга каршы чыгып, бирок басымдын астында улам жаңы программаларды кабыл алып келатат. Мына ушундай басымдарга чыдабасын туйган депутаттар “электр станциялар жана жогорку вольттогу өткөргүчтөр менчиктештирилбейт” деген мыйзам да кабыл алып жиберишкен. Бирок бөлүштүргүч компанияларды менчиктештирүүгө андай тосмо коюлган эмес.

Энергетика тармагын реформалоонун натыйжасы оң болгон жок деген пикир депутаттар арасында күчтүү. Маселен, Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Жаныш Рустанбеков реформа тууралуу мындай пикирин билдирди:

- Башында эле туура эмес деп айтканбыз. Андан көрө ички мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, уурдоолорду токтотуп, тартипти орнотолу деп сунуштаганбыз. Сессиянын күн тартибине биринчи ирет киргизилгенде “Кыргызэнергону” бөлүүгө каршы чыкканбыз. Андан кийин өкмөт кезексиз сессия чакырып, депутаттар менен сүйлөшүп отуруп өткөргөн. Мындайча айтканда, депутаттар ошондо алданып калган.

Депутаттын айтымында, реформанын натыйжасында энергетика тармагынын карыздары көбөйүп, финансылык абалы начарлоодо. “Мен жетектеген депутаттык комиссия электр энергиясы үчүн төлөнгөн акчалардын кайда кетип жаткандыгын аныктай албай койду”, дейт Жаныш Рустанбеков.

Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Адахан Мадумаров минтет:

- Энергетика тармагын реформалоодон эч кандай артыкчылык болгон жок. Мындай реформалоодон артыкчылык болушу мүмкүн да эмес. Мына жоготууларды азайтабыз дешти эле, ал азайбастан көбөйүп баратат. Бул жөнөкөй эле көз боёмочулук. Биринчи баскыч дейби, экинчи баскыч дейби, мен баарына каршы болуп келгем. Бул саясатка мен каршымын. Коңшу Казакстан ушул жол менен барды эле, президент Назарбаев эки жылдан кийин өзүнүн эрки менен мамлекетке кайра сатып алды. Ушундан деле жыйынтык чыгарса болот. Бирок жыйынтык чыгарыш үчүн өкмөттө кичине ойлоно билген адамдар отуруш керек дa.

Президенттин энергетика боюнча атайын өкүлү Жантөрө Сатыбалдиевге кайрылып, реформанын артыкчылыктары жөнүндө сураганыбызда ал үчүн көп убакыт талап кылынаарын айтып, башка бир убакта сүйлөшүүнү сунуштады.

Эксперттердин пикиринде, бөлүштүргүч компаниялар менчиктештирилсе - жаңы кожоюндар бааларды көтөрүү менен иш баштайт. Ошондуктан да өкмөт мындай реформанын алдында калктын жарды катмарын социалдык жактан коргоонун өзүнчө программасынын үстүндө иштөөдө. Ал эми реформалардын натыйжасында энергокомпаниялардын финансылык жана башка ишмердүүлүгү ачык болуп кеткен жок. Алардан кандайдыр бир отчётту талап кылса - бир гана президент талап кыла алат. Башкалардын аракети шоона эшпейт. Муну Жаныш Рустанбеков жетектеген депутаттык комиссиянын ишине жасалып жаткан тоскоолдуктар далилдеп турат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG