Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:24

ПУТИН АХМАТ КАДЫРОВДУН БЕЙИТИНЕ ГҮЛ КОЙДУ


Муса Мураталиев, Москва Жекшембиде президент Владимир Путин күтүлбөгөн жерден Чеченстанга барып, 9-майда Грозныйда жардыруудан курман болгон Ахмат Кадыровдун бейитине гүл койду. Ал жерде сүйлөгөн сөзүндө Путин Кадыровдун ишмердүүлүгүн жогору баалады.

Гүл коюу каадасына Чеченстандын вице-премьери, мурдагы президенттин уулу Рамзан Кадыров жана жумурият жетекчилиги үчүн ат салышып аткандардын бири - Алу Алханов да катышты. Анализчилер Алхановдун шайлоодо жеңишин камсыз кылуу максатында Владимир Путин аны улам-улам өзү менен кошо бастырып эл көзүнө көргөзүүдө дешүүдө.

Бул күндөрү Чеченстанда жикчилдер кол салуусу күчөгөнү да айтылууда. Президент Путин атынын башын капилеттен Кадыровдун айылы Цинторойго карай бурушун анализчилер ал жумуриятта алдыңкы жекшембиде өткөнү жаткан шайлоого дем берүү үчүн жасалды дешүүдө.

9-майда стадиондо отурган канчалаган кишиден төрдөгү төрт кишиге багытталып жардырылган бомбадан чечендер мурдагы лидери Ахмат Кадыров көз жумган. Кадыровдун бейитине гүл коюп, Путин ал жерде аны катуу мактап сөз сүйлөдү:

- Биз кайраттуу, дараметтүү жана болуп көрбөгөндөй адилет кишиден айрылдык. Эми Ахмат Кадыровдун баштаган ишин таштап салбай аны акырына чыгаруу биз менен сиздердин милдет,
- деди президент ал жерде өзүн коштоп жүргөн Грозныйлык жетекчилерге.

Андан ары Путин менен чогуу Сочиге учуп барган милициянын генералы Алу Алханов деңиз жээгинде өткөн чечилип сүйлөшүү маалында жумурият жеринен өндүрүлгөн мунайзат акысын федералдык эсептен чечендер эсебине өткөрүп берүү маселесин козгоду:

- Чечендердин четке сатылып аткан мунайынын кирешесин жумурияттын экономикасын өнүктүрүүгө, социалдык муктаждыкка сарпталышын биз каалаар элек жана сизди ушуга жардам берсеңиз деп өтүнөбүз.

Москванын жогорку бийлиги мындай демилгени колдоого алды. Сырттан көз салуучулар муну - Алу Алхановду Чеченстандын жаңы лидери кылып шайлатуу үчүн Кремлдин ачыктан ачык ага колдоо көргөзүшү деп баалашты.

Жакында чечен жикчилдер жетекчиси Аслан Масхадов Кремль Чечен бийлигине кандай киши койбосун анын өмүрү биздин жикчил анын жанына жакын барганга чейин гана узак болот деген эле. Айткандай эле орусиялык лидер Цинторойго барардын алдыңкы күнүнөн тартып жикчилдердин кол салуусу күчөп кетти.

Бирок ар кайсы булактардан келген маалыматтар ар башка болууда. Маселен, Орусиянын Түндүк Кавказдагы аскер тобунун өкүлү Илья Шабалкин айтканга караганда ишембинин түнүндө:

- Жикчилдердин 18 кишиси жок кылынды жана 12 кишиси колго түшүрүлдү, - деген. Ал эми 23-августта «Азаттыктын» кабарчысы Муса Хасанов:

- Чеченстан милициясынын 30дан ашуун кишисинин көбүрөөгү окко учуп, 17 кишиси жарадар болгон, - деди.

XS
SM
MD
LG