Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:20

СУДАН ДАРФУРДА 7 КҮНДҮН ИЧИНДЕ ТЫНЧТЫК ОРНОТУУГА ТИЙИШ


Төрөкул Дооров, Прага Судан өкмөтү Дарфурдун батыш бөлүгүнөн көчүп кеткен бир миллиондон ашуун адамды кайра мурдагы конуштарына өз каалоосу менен кайтууга көндүрмөкчү. Бул максатта Судан Бириккен Улуттар Уюму менен атайын келишимге кол койду. Ушул тапта Судан эларалык санкцияларга кабылуу коркунучу алдында турат. Эгерде 30-августка чейин өлкө Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңешине Дарфурда коопсуздукту көзөмөлгө алуу ишинде жылыштар болгондугун далилдей албаса, экономикалык да, башка санкциялар да күчүнө кириши ыктымал.

Судан - Африка континентиндеги эң чоң мамлекет. 1956-жылы эгемендикке жетишкенден берки мезгил аралыгында ал 11 жыл гана салыштырмалуу тынчтыкта жашады. Калган убакта өлкөнүн түндүгүндө отурукташкан мусулмандар менен түштүгүндөгү христиандар жана анимисттер ортосунда куралдуу салгылашуулар токтобой келди.

Бириккен улуттар уюмунун маалыматына ылайык, акыркы бир жарым жылдан бери уланган тирешүүдөн 50 миңдей адам өлүп, 180 миңден ашууну өз үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болушту.

Ушул жылдын 30-июлунда Судан өкмөтү менен Улуттар уюму Дарфурдагы абалды калыбына келтирүү жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага ылайык Судан бийликтери ушул жылдын февралында кандуу тирешүүнү баштан кечирген Дарфурдагы коопсуздукту 30 күндүн ичинде калыбына келтирүүгө милдеттүү.

Бул үчүн бийликтер этностук тазалоону уюштурган деп айыпталып жатышкан “жанжавидчилерди” же арап согушчуларын куралсыздандырышы жана ал жерден качууга аргасыз болгон дарфурдуктарды кайра үйлөрүнө кайтууга көндүрүшү керек. Бул тууралуу дагы бир келишимге Улуттар уюму менен Судан өкмөтү өткөн ишембиде кол коюшту.

Айрым эларалык уюмдардын өкүлдөрү жана өкмөткө каршы адамдардын айтымдарында, Судан бийликтери көп учурда адамдардын жеке каршылыгына карабай аларды үйлөрүнө тезинен кайтууга мажбурлап жатышат.

Бирок Судандын тышкы иштер министри Мустафа Осман Ысмайыл бул өңдүү билдирүүлөрдү четке какты:

- Бул адамдардын өз үйлөрүнө кайтуусу алардын өз каалоосу менен ишке ашып жатабы же жокпу деген суроонун өзүн жокко чыгарат. Биз такталган тартиптин негизинде иштейбиз. Ага атайын көз салып турган эларалык уюм бар.

Судандагы өкмөткө каршы козголоңчулар ырасмий Хартумду көчмөн араптардан турган “жанжавидчилер” өлкөдө этностук “тазалоону” улантуусу үчүн аларды курал менен камсыз кылган деп айыпташууда. Ал эми бийлик ээлери бул өңдүү айыптарды да кескин четке кагышты.

Бириккен улуттар уюму Дарфурдагы кырдаал жакынкы аймактарда да 200 миңге жакын качкындын жана Судандын өзүндө жер которуп жатышкандардын гуманитардык жардам алуусуна да олуттуу кыйынчылыктарды жаратканын маалымдайт. Жагдайдын курчушу Судан өкмөтүн өлкөгө Миграция боюнча эларалык уюмдун адистерин изилдөө иштери үчүн киргизүүгө түрттү.

Аталган уюмдун башкы директору Брансон Макинли гуманитардык жардамдын белгиленген жерлерге жеткирилүүсүндө жаралып жаткан кыйынчылыктар тууралуу ою менен мындайча бөлүштү:

- Албетте, бул иш оңой менен тез арада жүзөгө аша калбайт. Бирок мен анын аткарылышы Судандын келечеги, дегеле, Африкадагы тынчтыктын болушу үчүн өтө маанилүү деп ойлойм. Ошондуктан аны баштоонун өзү көп пайдага турат. Суданга жаңы бурулуш, жаңы багытта илгерилөө зарыл.

Ал эми Улуттар уюмунун Дарфурдагы өкүлү Мануэл Аранда да Силванын айтымында, жарым миллионго жакын адамга көрсөтүлүүгө тийиш болгон гуманитардык жардам дагы эле өп-чап болуп жатат. Мында ал өзгөчө тамак-аш менен дары-дармекке жана курулуш материалдарына болгон муктаждык күч экендигин баса белгиледи:

- Дарфурдагы кырдаал өтө оор. Ал эми жакшы жаңылык – абал акыркы күндөрү бир аз жакшыра түштү.

Дүйшөмбүдө Нигериянын баш калаасы Абужада Судан өкмөтү менен согушчандардын эки тобунун ортосунда сүйлөшүүлөр башталды. Сүйлөшүүлөр 22 мамлекеттин башын бириктирген Африка Биримдиги тарабынан уюштурулду. Анда карама-каршы тараптар дагы бир жолу тынчтык жараянына кайтууга далалат кылаары күтүлүүдө.

Белгилүү болгондой, буга чейинки сүйлөшүүлөр эч кандай натыйжа берген эмес.

Судандын өкмөтү 1990-жылдары “ал-Каида” террордук уюмунун жетекчиси Осама бен Ладенге сый конок катары мамиле кылганы белгилүү. Ырасмий Вашингтон Судан исламчыл өкмөтүн азыркыга чейин “террорчулукка көмөк көрсөткөн өкмөт” катары эсептеп келет.
XS
SM
MD
LG