БИШКЕК. Ош шаарынын тургундары, мамлекеттик мекеме-ишканалары таза сууга жана канализацияга акыны нак акча менен төлөсө анда Ош шаарын таза суу менен камсыз кылуу багытындагы программаны каржылоону Австрия көбөйтөт. Бул тууралуу “ИнфраМенн” компаниясынын директору Фольклер Миттерхаммер бүгүн Өкмөт үйүндө премьер-министр Николай Танаев менен болгон жолугушууда билдирди. Анын айтымында, Ош шаарынын бюджеттик мекемелери таза суу жана канализация акысын төлөбөй келген. «Эгерде ал кызмат акысы төлөнсө суу түтүктөрүн, тетиктерин жана башка техникаларын жаңыртууга шарт түзүлөт», - деп билдирди Миттерхаммер.
2003-жылы “Ош таза суу” жана Австриянын “ИнфраМенн” биргелешкен компаниясы түзүлүп, ал эки компания 8 долбоордун алкагында иш жүргүзүүдө. ТАСИС программасынын алкагындагы “Ош шаарын таза суу менен камсыз кылуу” долбооруна Австрия 4 млн. евро бөлгөн.