Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:55

Акыйкатчы менен анын мурдагы кызматкерлери каршылашып жатат


БИШКЕК. Жалалабад облустук прокуратурасы Акыйкатчынын облустук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Кушназар Камытовдун, мурдагы кызматкерлери Нурлан Нышановдун, Бахадур Ахмедовдун иш-аракеттеринде кылмыштын составы жок деген тыянакка келди. Бул тууралуу бүгүн «Азаттык» радиосуна Кушназар Камытов билдирди. Анын айтымында, ички иштер министрлигинин кызмат абалынан пайдаланып кылмыш жасагандарга каршы күрөшүү башкармалыгы жана облустук прокуратура үч жолу текшерүү жүргүзүп, кылмыш ишин козгоого негиз жок деген жыйынтыкка келген. Текшерүүгө болсо Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулунун облустук бөлүмдүн мурдагы кызматкерлери жалпы жонунан 177 миң сомду жең ичинен жеп, мамлекеттик мүлктү ээлеп алды деп ички иштер министрлигине, Жалалабад облустук прокуратурасына билдирип, аларга каршы кылмыш ишин ачууну талап кылгандыгы себеп болгон.

Кушназар Камытов андан тышкары Акыйкатчы мурдагы кызматкерлерди куугунтуктап, алардын арызын караган сот, прокуратурага басым жасап, бир катар мыйзамдарды одоно бузуп жатат деп билдирди.

Ал эми Акыйкатчынын аппарат жетекчиси Каныбек Эргешов текшерүү үстүртөн жүргүзүлдү деп билдирип, Акыйкатчы мурдагы кызматкерлердин ишин дагы текшерүү талабы менен Башкы прокуратурага кайрылаарын кабарлады. Ошондой эле Акыйкатчы мурдагы кызматкерлерди иштен мыйзам чегинде алып, алардын арызына байланыштуу Жогорку сотко кайрылууну мыйзам чегинде бергендигин билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG