Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:38

Орусиялык таш ыргытуучу допинг колдонгону үчүн алтын медалынан ажырады


Ирина Коржаненко - кызытуучу затты текшерүүдөн өтпөй калып, алтын медалынан айрылган Афина олимпиадасындагы биринчи спортчу болуп калды. Эл аралык олимпиада комитетинин чечимин комитеттин байланыш директору Жизел Дейвис жарыялады:

- ЭОКтун директорлор кеңеши бүгүн эртең менен жүрүм-турум комиссиясынын билдирүүсүн уккандан кийин Ирина Коржаненкону аялдардын таш ыргытуу мелдешинен чыгарып, алтын медалын жана дипломун кайтарып алууга бүтүм кылды.

Алтын медал шаршемби күнү Коржаненкодон кийинки орунду ээлеген кубалык спорт чебери Юми Лейди Кумба Жейге берилет.

XS
SM
MD
LG