Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:49

Судандын өкмөтү Дарфурдагы козголоңчу топтор менен сүйлөшүү жүргүзүп жатат


Судандын батышындагы Дарфурдан эки топ менен сүйлөшүүнү Африка Биримдиги уюштурду, тараптар Нигериянын баш калаасы Абужада жолугушту. Суданга жол тартып жатып, Британиянын тышкы иштер министри Жэк Стро кабарчыларга мындай деди:

- Биз Судан өкмөтүнүн проблемаларын түшүнүүгө аракеттенебиз. Бирок негизги жоопкерчилик Судан өкмөтүнүн мойнунда. Ошондуктан биз андан анын өз милдетин аткарышын күтөбүз.

Дарфурдагы кризис үчүн Судан өкмөтү ушул эки топту күнөөлөп жаткан. Ошол эле убакта өкмөт аймактагы кара түстүү атуулдардын кырылышы үчүн күнөөлөнгөн арабдардын "Жанжавид" аскерлерин колдойт деген кинени четке кагууда. Судан делегациясынын башчысы Майзоб ал-Халифа "Африка Биримдиги Дарфурга тынчтык аскерлерин жибербей койсо болмок, Картум бийлиги аймактагы коопсуздукту өзү кепилдей алат" деди.

Дарфурда 50 миңден ашык кишинин өмүрү кыйылды, бир миллион 200 миңдей киши үй-жайынан ажырады.

XS
SM
MD
LG