Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:42

Эл аралык валюта корунун миссиясынын Кыргызстанагы иш сапары аяктады


Он күндөн ашуун убакыттан бери алар Кыргызстандын өкмөтүнүн айрым мүчөлөрү менен жолугушуп, өлкөнүн макроэкономикалык абалы менен жакындан таанышышты. Таапио Саавалайнен жетектеген делегация Кыргызстанга 13-августта иш сапары менен келген. Эл аралык валюта корунун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Майкл Мериттин айтымында, чет элдик эсперттер бул жолу өлкөнүн макроэкономикалык абалы, Кыргызстандын тышкы карызынын төлөнүшү менен таанышып, 2005-жылдагы республикалык бюджеттин долбоорун талкуулоо максатында келишти.

Бул максатта алар буга чейин өкмөт башчы Николай Танаев, Каржы министри Болот Абилдаев, Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбанов менен жолугушуп, жергиликтүү эксперттер менен биргелешип иш алып барышты. Каржы министрлигинин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, эртең миссия иш сапарынын жыйынтыгы тууралуу маалымат жыйынын өткөрөт.

Өкмөт башчы Николай Танаевдин буга чейинки маалыматына караганда, Кыргызстан менен Эл аралык валюта корунун ортосундагы үч жылдык программа 2005-жылы соңуна чыгат жана анын негизинде өлкөнүн тышкы карызынын кыйла бөлүгү жоюлат:

- Биз Эл аралык валюта кору менен узак марафонду өткөрдүк. 2004-жылдын декабрында же 2005-жылдын февраль айында Париж клубу Кыргызстандын 450 миллиондой доллар тышкы карызын жойот. Андан кийин эгерде биз кааласак Эл аралык валюта кору менен кызматташууну токтотобуз же аталган фонд менен тышкы карыздын калган бөлүгү боюнча кызматташабыз.

Эл аралык таңкы жаңылыктарды Прагадан Азиза Турдуева даярдады.

XS
SM
MD
LG