Түркиянын белгилүү эс алуу жайларынын бири - Анталия курортунда кечээ жардыруу болуп, андан бир адам набыт болду, дагы бирөө жаракат алды. Маалыматтарга караганда алар – жергиликтүү өспүрүмдөр. Анталиянын бийлик өкүлдөрү маалымдашкандай, жардыруу боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө жана бул окуяга тиешеси бар деген шек менен эки адам кармалды.