Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:12

Хамид Карзайдын атаандаштары президенттик шайлоого катышпай коюшу мүмкүн


Ооган президенти Хамид Карзай кызматынан кетпесе алдыда күтүлүп жаткан шайлоодо ат салыша турган 12 талапкер шайлоого катышпайт. Мындай билдирүүнү алар кечээ Кабулда өткөргөн маалымат жыйынында жарыялашты. Президенттикке талапкерлердин пикиринде, эл тарабынан шайланган өкмөт ишке киргенге чейин, өлкөнү убактылуу кеңеш башкарышы керек. Талапкерлер белгилешкендей, Карзайдын өлкө башчысы кызматында кала бериши ага шайлоо алдында артыкчылык бериши мүмкүн. Ооганстанда президенттик шайлоо ушул жылдын 9-октябрында өтөт. Ал эми кечээ Бириккен Улуттар Уюмунун Кабулдагы кеңсесинин жетекчиси уюмдун Ооганстандагы өкүлдөрү өлкөдөн чыгарылбайт деп маалымдады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG