Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:20

Америкалык жоокер Абу-Грайб түрмөсүндөгү күнөөсүн моюнга алышы мүмкүн


АКШнын сержанты Иван Фредерик Ирактын Абу-Грайб түрмөсүндө анын жасаган иш-аракеттери мыйзамсыз болгондугу жөнүндө билдирди. Бирок Фредерик өзүн кандай иш-аракеттери боюнча күнөөлүү деп таап жаткандыгы жөнүндө азырынча белгисиз. Кечээ Германияда Ирак түрмөсүндөгү зөөкүрдүгү үчүн соттолуп жаткан америкалык аскерлердин иши боюнча угуу башталды.

Үч эркек, бир аял сот алдында кечээ сурак бере башташкан. Сурак бүгүн улантылат. Жалпысынан жети аскер Абу-Грайб түрмөсүндө абактагыларга ыдык көрсөтүп, кордогону үчүн жоопко тартылууда. Сот иши Германиянын Маннерхайм шаарында каралууда.

XS
SM
MD
LG