Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:23

Франциянын бийлиги расизмге каршы чечкиндүү күрөштү баштайт


Франциянын бийлиги расизмге каршы чечкиндүү күрөштү баштоодо. Бул тууралуу кечээ Франциянын юстиция министри Доминик Пербен билдирди. Соңку мезгилде Францияда антисемиттик көрүнүштөр көбөйүүдө. Жекшембиде Парижде кезектеги антисемиттик акция болуп, жөөттөрдүн социалдык борборуна өрт коюлду. Буга чейин Израилдин премьер-министри Ариэль Шарон, Франциядагы жөөттөр аларга карата каршы акциялар көбөйгөндүгүнө байланыштуу өздөрүнүн ата-мекенине кайтып келиши керек деген пикирин билдирип, Франциядагы жөөттөрдү Израилге келүүгө чакырган. Бирок Шарондун мындай чакырыгы Франциянын бийлиги тарабынан кескин сынга алынган.

XS
SM
MD
LG