Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:20

Нажаф шаарында кан төгүлүүдө


Ирактын Нажаф шаарында америкалык аскерлер менен шийилердин радикал дин башчысы Моктад ас-Садрдын жоокерлеринин ортосундагы кагылышуулар уланууда. Соңку маалыматтарга караганда, Американын танкалары ас-Садрдын жоокерлери турган имам Алинин күмбөзүнө жакындап келишти. Ал эми кечээки салгылашта 15 киши окко учуп, 23ү жараат алган. Буга чейин ас-Садрдын өкүлдөрү алар жашынган күмбөз шийилердин көсөмү аятолла Али Систанинин адамдарына өткөрүлүп берилиши жөнүндө маалымдашкан. Бирок бул боюнча сүйлөшүүлөр натыйжа берген жок. Ас-Садрдын өкүлү Шейх Ахмед Шейбани кечээ маалымдагандай, бул сүйлөшүүлөргө Нажафта түзүлгөн абал тоскоолдук кылды.

XS
SM
MD
LG