Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:01

СПОРТ ЖАНА ЖАРАНДЫКТЫ ӨЗГӨРТҮҮ


Нарын АЙЫП, Прага Грекиядагы Олимпия оюндарында абдан көп спортчу бир өлкөдө туулуп, бирок башка мамлекеттин улуттук курама командасынын намысын коргоду. Мындай мисалдар штанга көтөрүүдө абдан көп болду.

Бир өлкөдө туулган спортчулар башка мамлекетте машыгып, ошол жаңы өлкөнүн спорт командасында ойногону акыркы мезгилде көнүмүш окуяга айланды. Бирок дүйнөлүк чемпионат же Олимпия оюндары учурунда алар кайсы өлкөнүн жараны болсо ошол мамлекеттин намысын коргош керек. Мисал үчүн, Испаниянын "Реал Мадрид" командасы үчүн ойногон футболчу Дэвид Бэкхем европалык жана дүйнөлүк чемпионаттарда Англиянын курама командасына кошулат. Ондогон орус хоккеист азыр Түндүк Американын улуттук лигасында америкалык же канадалык клубдар үчүн ойнойт, бирок дүйнөлүк чемпионат башталганда Маскөөгө чакыртылат.
Советтик мезгилде бир топ кыргызстандык спортчу Маскөөдө машыгып, СССРдин курама командасына кирген, бирок союздук спартакиадалар учурунда Кыргызстандын намысын коргогон.

Анткен менен бир өлкөдөн башка мамлекетке көчүп баргандардын балдары атактуу спортчу болуп чыкса, ошол жаңы өлкөнүн жараны болуп, ошонун улуттук командасына кирип калышы мүмкүн. Алжирлик бербер Зинадин Зидан же суринамдык Рууд Гуллит Франция менен Нидерланддын футбол боюнча улуттук курама командалары үчүн ойногонун эле эстесе болот. Бирок акыркы мезгилде бир өлкөдө туулуп-машыккан спортчулар жарандыгын өзгөртүп, башка мамлекет үчүн ойноп калган мисалдар көбөйө баштады. Кыргызстандык гандболчу Талант Дүйшөбаев 1992-жылы Барселонада өткөн Олимпия оюндарында СССРдин курама командасынын капитаны болуп ойногон, бирок Испанияда калып калып, эмгиче Испания командасынын капитаны. Бишкекте туулган Елена Баранова Грекиядагы Олипидада Орусиянын баскетбол боюнча курама командасынын тең-капитаны болуп ойноду.

Афин шаарында мындай мисалдар штанга көтөрүү боюнча мелдеште абдан көп катталды. Болгарияда туулган Андрей Георгиев Иванов, Ангел Энчев Попов, Яни Томов Марчоков жана Валентин Невенов Саров Катар мамлекетинин жарандыгын алып, Олимпиадада Сулян Аббас Надер, Саид Саиф Асад, Саид Салем Жабер жана Насер Саруф Фадел деген аттар менен Катардын намысын коргоду жана Болгария ал үчүн бир миллиард долларга жакын каражат тапты деген кабарлар бар.

Барселонадагы оюндарда СССРдин намысын коргоп чемпион болгон грузин Кахи Кахиашвили кийин Грекиянын жарандыгын алып, Акакиос Какиасвили деген ат менен дагы эки алтын медалга жетти жана Афин Олимпиадасында Грекиянын намысын коргоду. Грекиянын командасына Албанияда туулган дагы төрт штангист кошулган, бардыгы болуп болсо 20 адамдан турган Грекиянын штанга көтөрүү боюнча курама командасынын тогузу - ушундай чет өлкөлүктөр.

Грекиядагы Олимпиадада Түркиянын намысын коргогон штангисттер Халил Мутлу, Экрем Желил жана Танер Шагир болсо Болгарияда туулган. Мутлу мурда Болгарияда Хубен Хубенов деген ат менен белгилүү болгон, Афинде болсо Түркия үчүн алтын медал утуп берди. Хорватиянын намысын коргоп, Грекияда коло медалга, ал эми Сиднейде алтынга жеткен штангист Николай Пешанов Болгарияда туулган жана 1992-жылы Барселонада эки күмүш медалды Болгария үчүн утуп берген. Болгарияга дагы башка өлкөлөрдүн штангисттери келүүдө, мисал үчүн Алан Цагаев мурда Орусиянын намысын коргоп, Сиднейде күмүш медал утуп алган.

Ал эми орусиялык Борис Буров аттуу штангист азыр Эквадордун, камерундуктар Дэвид Матам менен Самсон Ндицка Франциянын, армениялык Сергей Чакоян Австралиянын улуттук командаларына кошулуп, Грекиядагы Олимпия оюндарына катышты.
XS
SM
MD
LG