Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:47

АСКАР АКАЕВДИН МӨӨНӨТҮН УЗАРТУУ БОЮНЧА КОЛ ТОПТОО БАШТАЛДЫ


Бурулкан Сарыгулова, Бишкек Ош облусунда «Элим менен, элим үчүн» деп аталган коомдук фонд түзүлдү. Фонддун курамына кирген коомдук уюмдар «Жакшыга жакшы баа бер!» деген ураандын алдында бир кыймылга биригип, Конституцияга референдум жолу менен өзгөртүү киргизүү багытында кол топтоого киришти. Фонддун өкүлдөрүнүн билдиргендерине караганда, кол топтоонун негизги максаты - Кыргызстанда президенттик мөөнөттү жети жылга узартуу жана президент Аскар Акаевдин дагы бир мөөнөт шайланышын мыйзам аркылуу кепилдөө болуп саналат.

Буга чейин КДК партиясынын Ош облустук бөлүмүнүн атынан президент Аскар Акаевге «Кыргыз эл баатыры» наамын ыйгаруу демилгеси көтөрүлүп, 12 миң кол топтолгон. Бул тууралуу фондду негиздөөчүлөрдүн бири Аманбай Сатымбаев билдирди:

- Баатырдык берүү боюнча 12 миң колду топтоп, тапшырып келдик. Осмонакун Ибраимовичке (мамлекеттик катчы) тапшырып койдук. Эми аны биз мындай даңазалуу тапшырабыз деген оюбуз бар. Кудай буюрса, биз муну Ошто тапшырсак деген ойду айтып, суранып атабыз.

Президент Акаевге баатыр наамын берүү боюнча чогулган колду салтанаттуу тапшыруу иш чарасын жаңы фонддун мүчөлөрү уюштурмакчы. Фонддун тутумуна азыр Кыргызстан элдери ассамблеясынын Оштогу бөлүмү, Жаштар партиясы, «Алга, Кыргызстан» партиясынын тутумуна кирген «Жаңы кыймыл» партиясынын өкүлдөрү, «Кызбурак» ансамбли, бир катар райондордун аксакалдар кеңештери киришти. Аманбай Сатымбаевдин айтымында, фонд жана анын алдында түзүлгөн кыймыл демократиялык реформанын жетишкендиктерин даңазалайт жана Конституцияга өзгөртүү киргизүү үчүн референдум өткөрүүгө кол топтойт. Демилгенин башкы максаты - президент Аскар Акаевдин дагы бир мөөнөткө калышына жол ачуу:

- Кыргызстандын бактысына Аскар Акаевичтей мүнөзү таза, акылдуу, эстүү, жакшы адамдын келип калганына кыргыз эли кудайга да ыраазычылык билдириши керек. Ал адамдын дагы эле (келерки мөөнөттө) башкарышы Кыргызстанга өтө чоң пайдасын алып келет.

Фонддун мүчөсү, Оштогу «Кызбурак» тобунун көркөм жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасова да кол топтоо демилгесинин ишке ашарына бекем ишенет:

- Биз бир чогулушта айттык: "Эми дагы ким келет? Ушу демократиянын көп принциптерин ишке ашырган адамды азыр кетирип коюп, анан бир «кемчонтой» же бир «чекмурат» келип калса эмне болот" деген суроо койдук.

Айрым байкоочулар бул демилгени президенттин айланасындагылар тарабынан атайын уюштурулуп жаткан өнөктүк катары баалашууда.

Кыргызстандагы саясат таануучулардын бири Токтогул Какчекеев пикирине караганда:

- Бул жолдун ачылышын Белорусиянын президенти Лукашенко чыгарбадыбы. Алардын Конституциялык соту президент Лукашенко жөнөкөй эле жаран катары кайра президенттик шайлоого барууга жолу бар деп чыгарбадыбы. Бул өзүнчө эле мандем болуп калды. КМШнын бир жеринде бирдеме болсо эле бизде ушундай болуп атпайбы. Эми демилгени ар кайсы жерде уюштура берсе боло берет. Бирок бүгүнкү күндө президенттикке Акаев кайра барам деп айтпаса дагы мына ушундай демилге менен президенттикке кайра барууга аракет болот.

Ал эми Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Ишенбай Кадырбеков бул өңдүү демилгелерди жаңылык катары санабайт. Анын оюна караганда, азыркы бийлик кызматын улантуу максатында ар кыл өңүттөгү аракеттерди эчак эле баштаган:

- Конституцияны өзгөртүү деген тактиканы эчак эле башташкан. Маселен, «Алга, Кыргызстан», «Адилет», «Биримдик» жана башка партиялар чогулуп отуруп, алардын атынан депутаттарды алып келип, Конституцияны өзгөртүп, өз бийлигин калтырып коюуну. Бул оңой эле…

«Акыйкат жана прогресс» саясий партиясынын төрага орун басары Абдыжапар Тагаев демилгенин артында Аскар Акаевдин өзүнүн кызыкчылыгы бар экенине ишенбейт. Саясатчынын оюна караганда, бул кезектеги саясий оюн:

- Менин оюмча, Аскар Акаевич мындай оюндарга киришпесе керек. Анын үстүнө ал бир сөзүнөн кайтпаган киши эмеспи. Ошондуктан, бул соодагерчиликтин эле бир түрү го дейм. Маселелени көтөрүп жаткан кишилердин өздөрүнүн жеке мүдөөлөрү, бир жакшы, «жумшак» жерлерге жетели деген ойлору болсо керек.

Ал эми саясат таануучу Токтогул Какчекеевдин пикирине караганда, чет өлкөлүк коноктор келген учурдагы пикирлерин эске албаганда, президент өзүнүн келерки шайлоого барбай тургандыгын элге таккесе айта элек, бул ар кандай демилгелердин, талаш-тартыштын, түкшүмөлдөрдүн жаралышына негиз берүүдө:

- Жеке президент элдин астына чыгып, «Мен үч мөөнөттү бүтүрдүм. Ушул Конституцияны ыйык мыйзам катары тутуп, мен өзүмдүн сөзүмдү бекем кармайм» деп, элге чыгып айта элек.

Аскар Акаев келерки президенттик шайлоого талапкер болууга Конституция жол бербей тургандыгын акыркы эки жылда бир нече ирет айтканы бар. Ошондой болсо да, анын келерки мөөнөтүнө байланышкан акыркы сөздү Конституциялык сот айтышы керек деген пикирлер бар. Буга негиз берген арызды Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынын депутаты Дүйшөн Чотонов Конституциялык сотко жолдогон.

XS
SM
MD
LG