Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:27

Лидия Фомова дүйнөдөн кайтты


БИШКЕК. Көрүнүктүү коомдук ишмер, калкты социалдык жактан коргоо боюнча коомдук уюмдун жетекчиси Лидия Михайловна Фомова 75 жаш курагында дүйнө салды. Фомова социалдык жактан камсыз болбогон эмгек ардагерлеринин, шаар тургундарынын, кароосуз калгандардын укугун коргоодо зор эмгек сиңирген. Анын демилгеси менен уюштурулган коомдук уюм бийлик өкүлдөрүнүн туура эмес иштерин сындап, коомчулукка билдирип турган. Анын ишмердүүлүгү тууралуу “Демократия жана жарандык коом” коалициясынын жетекчиси Эдил Байсалов мындай деди:

- Лидия Михайловна бейөкмөт уюмдардын жана жарандык коомдун эң көрүнүктүү лидерлеринин бири эле. Ал “Калкты социалдык жактан коргоо боюнча” коомдук уюумду түзүп, өкмөттүн туура эмес саясатына нааразылык акциясын уюштуруп, митингдерди өткөргөн. Кары-картаңдардын таламын талашып кыргыз өкмөтүнөн ай сайын отчет алып туруучу. Бишкек шаарынын миңдеген эмгек ардагерлерине кам көрүп турчу. Лидия Михайловна абдан таза, чындыкты туу туткан адам эле.

XS
SM
MD
LG