Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:17

«Арнамыс» В.Носовду сотко берет


БИШКЕК. «Арнамыс» партиясы Юстиция министрлигинин жаза өтөө мекемелер башкармасынын жетекчиси Владимир Носовго каршы сотко доо арыз жолдойт жана аны ээлеген кызмат ордуна жараксыз адис катары иштен бошотуу аракеттерин көрөт. Бул тууралуу бүгүн «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев билдирди. Анын айтымында, мындай аракет көрүүгө Владимир Носовдун «Феликс Куловго байланыштуу документтер эч качан жоголгон эмес, «Арнамыс» партиясынын документтер атайылап жоготулуп, анын негизинде Куловдун түрмөдө олтурган жаза мөөнөтү так эсептелбей калды дегендери жалган жалаа» деген билдирүүсү түрткү берди. Ушундан улам «Арнамыс» партиясы Куловдун арызын караган сот маалында тиешелүү документтер жок экендигин жана аны жаза өтөө мекемелер башкармалыгы атайылап алып койгондугун сотто далилдеп берүүгө даярдык көрө баштады. Эмил Алиев ошондой эле партия доо арызды жаза өтөө мекемелер башкармалыгы жайгашкан Свердлов районунунун сотуна эмес, башка сотко берерин, буга Куловдун ишин мурда караган судья Асхат Сыдыковдун азыр Свердлов райондук сотунун төрагасы экендиги башкы себеп болгондугун билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG