Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:01

IV инвестициялык матрицада коюлган милдеттер аткарылууда


БИШКЕК. IV инвестициялык матрицада белгиленип, алдыга койгон милдеттердин аткарылышына башкы прокуратура, сот, улуттук банк жана социалдык фонд тарабынан алгылыктуу иш чаралар көрүлдү. Прокуратуранын жумушчу тобу тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө ишкерлердин укугун бузган 93 факт табылып, протест киргизилген. Сот тарабынан 1 доо арызы канааттандырылган. Ошондой эле прокуратуранын көрсөтмөсү менен 10 адамга чара көрүлүп, 2 адамга кылмыш иши козголгон, деп билдирди премьер-министр Николай Танаев өкмөт үйүндө бүгүн өткөн “Инвестицияны жана ишкердүүлүктү колдоо багытындагы мамлекеттин саясатынын аткарылышы” тууралуу жыйында. Анын айтымында, ишкердүүлүктү өнүктүрүү багытында 19 мыйзам кабыл алынган. Ошондой эле ишкердүүлүккө кедерги болгон айрым административдик тоскоолдуктарды четтетүү боюнча өкмөт тарабынан бир катар токтом чыккан.
Учурда түздөн-түз инвестиция тартуунун көлөмүн көбөйтүү боюнча жаңы V инвестициялык матрицанын долбоору талкууланууда.

XS
SM
MD
LG