Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:50

Бийликти колдогон фонд түзүлдү


БИШКЕК. Кыргызстандын түштүгүндө «Элим үчүн, элим менен!» аттуу фонд түзүлүп, Юстиция министрлигинин каттоосунан өттү. Бул тууралуу Ош шаарынын тургуну, фонддун төрагасы Аманбай Сатымбаев билдирди. Анын айтымында, фонд «Жакшыга жакшы баа бер» деген ураан алдында иштөөчү кыймыл түзүлдү жана ал өлкөдө жүргүзүлүп жаткан саясий-экономикалык реформалардын артыкчылыгын элге жайылтуу милдетин алдына койду. Фонд андан тышкары референдум аркылуу Конституцияга өзгөртүү киргизүү үчүн эл арасында кол топтой баштады. Фонд өкүлдөрү муну менен президенттин кызмат мөөнөтүн жети жылга чейин узарткан жана Аскар Акаевдин эмдиги жылы боло турган президенттик шайлоого катышуусуна шарт түзө турган өзгөртүүлөрдү Конституцияга киргизүү максатын көздөйт.

Аманбай Сатымбаевдин билдирүүсү боюнча, фонд Гламүдүн Абдрахманов, Кыргызстан элдер ассамблеясынын Ош бөлүмү, Аялдар Конгрессининин Ош бөлүмү жана «Кыз бурак» ансамблинин жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасованын демилгеси менен түзүлдү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG