Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:43

ИРАН ИЗРАИЛГЕ АЙБАТ ЖАСАДЫ


Иран менен Израилдин ортосундагы “айбат көрсөтүү оюну” дүйшөмбү күнү кайра уланды. Топту бул ирет Израил жакка Ирандын тышкы иштер министри Камал Харази тепти. Ирандын атомдук куралды жасоо программасы жок экенин баса белгилөө менен непада Израил анын атомдук ишканаларына чабуул жасаса, Тегеран тийиштүү жообун кайтарат деп эскертти Харази. Иран өзөктүк куралын тымызын өнүктүрүүдө деп кооптонгон Кошмо Штаттары болсо Эл аралык атомдук агенттик - МАГАТЭден Ирандын ядролук куралдарды жайылтпоо жөнүндөгү келишимди бузган далилдерди таап, БУУнун Коопсуздук Кеңешине маалымдоосуна өзгөчө ынтызар.

Акыркы жумаларда Иран-Израил ортосунда кызуу жүрүп жаткан сөз эрөөлү дүйшөмбү күнү дагы курчуду. Жаңы Зеландиянын борбору Веллингтондогу ырасмий сапарын аяктап жаткан Ирандын тышкы иштер министри Камал Карази өлкөнүн өзөктүк программасы электр кубатына болгон керектөөнү канааттандырууга багытталганын айтты:

-Бизде ядролук курал жасоочу эч кандай программа жок. Биз аны коопсуздугубуз үчүн пайдалуу деп таппадык.

Бирок Карази кокус Израил тарап Ирандын өзөктүк жабдуулары турган жайларга чабуул койсо тийиштүү жооп кайтарылаарын эскертти. “Бизде коргонуу мүмкүнчүлүгүбүз жетиштүү. Ал башка өлкөлөрдүн бизге коркунуч туудуруусуна жол бербей турат”,- деди Карази. Ал андан соң ядролук технологияны тынчтык максатында пайдалануу бул Ирандын мыйзамдуу укугу экенин дагы кайталады.

Жаңы Зеландиянын премьер-министри Елен Кларк өз кезегинде МАГАТЭнин адистери Ирандын өзөктүк ишмердүүлүгү боюнча узактан бери бир тыянакка келе албай жатканы ар кандай шектенүүнү пайда кыларын эске салып, Тегеранды МАГАТЭ менен тыкыс кызматташууга үндөдү. Себеби МАГАТЭ июнь айында Иран бийликтерин илең-салаң кызматташат деп сындаган.

Жаңы Зеландия МАГАТЭнин башкаруучулар кеңешинин учурдагы төрагасы.

Ай башында Ирандык революциячыл гвардиясынын Саясый бюросунун башчысы “сионисттердин бардык аймагы, ошондой эле анын өзөктүк жабдуулары менен атомдук арсеналына” Ирандын ракеталары жетет деп, айбат кылган.

Талдоочулардын сөзүнө караганда, азыр Израилдин 1981-жылдагыдай Ирандын өзөктүк реакторуна сокку урууга даяр турганын күбөлөгөн эч кандай далилдер жок.

Кошмо Штаттары Иранды өзөктүк куралдардын үстүнөн жашыруун иштеп жатат деп узактан бери ырасмий Тегеранды күнөөлөп келет жана анысы чын чыкса, Коопсуздук Кеңеши Иранга каршы катаал чара колдонушу зарыл деп санайт.

Камал Карази Иран-МАГАТЭ ортосундагы кызматташуу жөнүндө мындай деди:



-Биз МАГАТЭ менен болгон өз ара ишенимди бекемдөө жана аны Ирандын өзөктүк программасы тынчтык гана максатын көздөгөнүнө ишендирүү үчүн өтө тыкыс иштешүүдөбүз. Ошон үчүн Ядролук куралдарды жайылтпоо боюнча кошумча протоколго кол койгонбуз жана аларга Иранга кирүүгө, түрдүү жайларды текшерүүгө уруксат бергенбиз. Алар Ирандын ядролук курал жасаганын тастыктаган далилдерди табышпаганын жарыя кылышкан.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Жакынкы Чыгыш боюнча талдоочусу Уильям Саами Каразинин опуза сөзүнө карата мындай баасын берди:

-Менин оюмча, Ирандын өлкөнү коргоого даяр экени тууралуу же чабуулга каршы жооп кайтарылат деген билдирүүсү, озуна сүр көрсөтүү гана. Ал Вашингтон же Израил тарап атайын жасаган эч кандай билдирүүгө таянбай жасалды.

Бир нече айдан бери Ирандын өзөктүк программасын изилдеп жаткан МАГАТЭнин инспекторлору сентябрь айында Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешин өз иликтөөсү менен тааныштырат.

XS
SM
MD
LG