Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:03

Иранда батыштын рок-музыкасынын альбому сатыла баштады


Иранда алгачкы ирет батыштын рок-музыкасынын альбомунун сатылышына уруксат берилди. Маалыматтарга караганда, сатыкка батыштын белгилүү группаларынын бири болгон “Куин” группасынын эң мыкты хиттеринин жыйнагы коюлду жана анын баасы бир АКШ доллары. Ирандын көмүскө базарларында “Куин” группасынын альбомдору буга чейин эле сатылып, группа эң таанымал группага айланган. Группанын башкы вокалисти Фредди Меркури теги ирандык болгон жана анын чыныгы аты жөнү Фаррух Булсара. Ал 1991-жылы СПИД оорусунан каза тапкан.

Дүйнөлүк таңкы жаңылыктарды Прагадан Азиза Турдуева даярдады.

XS
SM
MD
LG