Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:33

Түркмөнстандын парламентинде президент Ниязовдун “Рухнама” китеби окулду


Түркмөнстандын парламентинин жыйынында президент Сапармурад Ниязов жазган “Рухнама” китебинин айрым бөлүмдөрү окулду. Бул тууралуу Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат каражаттарында жазылды. Сапармурад Ниязов бул китебинде түркмөндөрдүн руханий баалуулуктары жана жүрүм-турумундагы этикалык нормалар жөнүндө жазган. Мында ошондой эле балдарды кандай тарбиялаш керек, үй-бүлө мүчөлөрүнө, коңшуларга кандай мамиле жасоо керек деген маселелер да камтылган. Китептин биринчи бөлүгү 2001-жылы чыккан. Түркмөнбашынын “Рухнама” китеби өлкөнүн мектептеринде күн сайын окутулат.

XS
SM
MD
LG