Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:20

Өзбекстандын соту 15 адамды террорчулукка күнөөлүү деп тапты


Кечээ Өзбекстандын соту өлкөдө орун алган жардырууларга катышкан деген айып менен 15 атуулду узак мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жөнүндөгү өкүмүн чыгарды. Сот жообуна тартылгандардын ичинен экөө 18 жылга кесилди. он бири болсо 11ден 16 жылга чейин эркинен ажыратылышты. Жардырууларга катышкан деп күнөөлөгөн эки аялдын бири 6 жыл, экинчиси 10 жыл камакта жата турган болду. Алардын баары сот тарабынан коюлган күнөөлөрдү моюнга алышты. Ал эми укук коргоочулар сот жообуна тартылгандар аларга көрсөтүлгөн кыйноолорго чыдабай, күнөөлөрдү моюндарына алууга аргасыз болушту деген пикирлерин билдиришти. Ушул жылдын март, апрель айларында Өзбекстанда болгон жардыруулардан 50гө жакын адам набыт кеткен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG