Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:04

Россияда Ту-134 жана Ту-154 учактары аба кырсыгына учурады


Кечээ кечинде Россияда жүргүнчүлөрдү ташыган Ту-134 жана Ту-154 учактары кырсыкка учурады. Бул маалыматты Россиянын өзгөчө кырдаалдар министрлиги таратты. Эки учак болжол менен бир учурда Тула жана Ростов облустарында кулаган. Маалыматтарга караганда, бир учакта 42, экинчисинде 52 адам бар эле. Алардын тагдыры азырынча белгисиз. Эки учак тең Москванын “Домодедово” аба майданынан учуп чыгып, бири Волгоград шаарына, экинчиси Сочиге багыт алган.

Кечээ ошондой эле Москвада Каширск шоссесинде жардыруу болуп, андан 4 адам жаракат алды. Маалыматтарга караганда, жардыргыч зат аялдаманын жанына коюлган. Москвада коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

XS
SM
MD
LG