Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:32

ИРАКТЫК ЧАЛГЫНЧЫЛАРДЫ НАТО МАШЫКТЫРАТ


НАТОнун делегациясы Ирактын коопсуздук күчтөрүн машыктыруу максатында Багдадга барды. Делегация өкүлдөрү азыркы тапта Ирактагы бейпилдикти бекемдеш үчүн коопсуздук кызматтары кандай жардамга муктаж экенин изилдей турганын билдиришти.

НАТОнун 50 аскер кызматкеринен турган делегациясы Иракка өлкөдө мыйзам үстөмдүгү менен коомдук тартипти орното турган коопсуздук күчтөрүн машыктыруу максатында барды. Альянстан андай жардам сурап, Ирактын утурумдук премьер-министри Ийад Аллави кайрылган. Ошондой эле эки аптага созула турган сапарынын аягында ушул делегация Иракка кандай жардам керек экенин тизмелеп кеңеш кылып, НАТОго атайын отчет жазат.


Аскердик топтун басма сөз өкүлү, Норвегиялык полковник Питтер Линквист алар Ирактын өкмөтү жана АКШ жетектеген коалициялык күчтөр менен тыгыз кызматташтыкта болорун белгиледи.

- Биз бул жакка Ирактын утурумдук өкмөтүнүн өтүнүчү боюнча келдик. Келер замат эң биринчи аткарган ишибиз ушул болду - Ирактын бийликтери менен эки тараптуу тыгыз кызматташтык жана көп улуттуу күчтөр менен байланыштарда орноттук. Ушул багыттарга башкы көңүл бурулмакчы.


Азырынча НАТОнун делегациясы эки жума ичинде Ирактын коопсуздук кызматын кандай иштерге үйрөтүп-окутаары белгисиз. Полковник Линквисттин айтымында, бул ирет негизги аракеттер – келечекте НАТО аркалай турган аскердик машыктыруунун багыттарын аныктоо, иш-пландарды түзүүнү көздөмөкчү.


- Биз Ирактын өкмөтүнөн жакын арада коопсуздук кызматтары аркалай турган артыкчылыктуу иштердин тизмесин алдык. Эми да Ирактын министрлери, башка жетекчилери менен жолугуп, өлкөдөгү бейпилдик менен тартипти бекемдөөгө кандай чаралар зарыл экенин талкууламакчыбыз. Биз өзүбүз ойлогон иштерди аткарганыбыз туура болбой калат.


Полковник Линквист бирок НАТОнун Ирактагы ролунун тегерегинде суроолор арбын экенин белгиледи. Андай суроолор арасында – Ирактын коопсуздук күчтөрүнүн канча кызматкерин машыктыруу керек, ал үчүн НАТОнун канча аскерин жайгаштыруу зарыл, бул иш-чаранын чыгымдарын ким көтөрөт? – өңдүү маселелер бар. Алардын баары эми НАТОго мүчө өлкөлөрдүн жетекчилери катышкан жыйында чечилиши керек.


Эмнеси болсо да, ирактыктар НАТО кандайдыр жардам көрсөтүү ниетин билдиргенине өтө куштар. Ирактагы бийликти утурумдук өкмөт колго алгандан бери коопсуздук кызматынын өкүлдөрү ар башка өлкөлөргө окууга жөнөтүлдү, бирок Багдаддын өкүлдөрү андан кыйла кеңири жардамга муктаж экенин айтышууда.


Утурумдук өкмөттөн мурда бийлик жүргүзгөн Коалициялык убактылуу администрация Ирактын армиясы менен коопсуздук кызматын таратып жиберип, кийин бармагын тиштеп калып, бир катар тажрыйбалуу адистерди жумушка кайра чакырууга аргасыз болгон.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG