Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:03

ЭЛАРАЛЫК ВАЛЮТА ФОНДУНУН МИССИЯСЫНЫН БААСЫ


25-августта Эларалык валюта фондунун миссиясынын башчысы Тапио Саавалайнен маалымат жыйынын өткөрүп, Кыргызстандын экономикасынын абалына баа берди. Анын айтымында, эгерде Орусия, Кытай жана Казакстандагы экономикалык өсүштөр ушул калыбында сакталып кала берсе, алтындын дүйнөлүк баасы арзандабаса жакынкы жылдарда Кыргызстандын экономикасы туруктуу өнүгүүгө баардык шарттар бар. Саавалайнен ошондой эле, Кыргызстандагы өсүш анын 450 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү тышкы карызынын реструктуризацияланышына да жараша болот деп билдирди. Көзкарандысыз адистер болсо Кыргызстан Эларалык валюта фонду менен иштешүүдөн тарткан зыяндын көптүгүн белгилеп келишет.

Эларалык валюта фондусунун миссиясы Бишкекке 13-августта келген. Анткени кыргыз өкмөтү фонд менен макулдашып түзгөн 3 жылдык жакырчылыкты кыскартуу боюнча программанын мөөнөтү быйыл сентябрда аяктайт. "Ошондон улам өткөнгө кылчайып, аткарылбай калган кандай иштер калды деп жана келечекти талкуулоо максатында келгенбиз" деди миссия башчысы Тапио Саавалайнен. Ал алгач кыргыз экономикасындагы жакшы делген көрүнүштөрдү санап өттү:

- Сиздер үчүн менин минтип айтканым күтүүсүз деле болбойт – миссия акыркы эки жылдагы Кыргызстандын экономикасындагы өсүштү жогору баалайт.

Анын айтымында, Кыргызстандагы өсүш негизинен алтындын дүйнөлүк баасынын жогорулап, анын туруктуу сакталып турганынын жана коңшулаш мамлекеттердин - Казакстан, Орусия жана Кытайдын экономикасынын өсүп жатканынын эсебинен камсыз кылынууда.

Бирок Тапио Саавалайнендин айтымында, кыргыз экономикасы тышкы мындай факторлорго көзкарандылыгын өзүнүн пайдасына чечип албаса, дүйнөлүк экономикадагы боло калуучу кризистер жана өзгөрүүлөрдөн катуу зыян тартып калышы ыктымал. Ошондуктан Кыргызстан бир катар маселелерди чечүүгө тийиш. Иралды Кумтөрдүн алтынынын ордуна тышка сата турган товарды, так айтканда, валюта алып келүүчү булакты табууга тийиш. Анткени жылдын экинчи жарымынан тартып Кумтөрдөн алтын аз казылып алына баштайт:

- Алтындын ордуна тышка эмнени экспорттоо керек деген проблеманы чечүү керек. Экинчиси, тышкы карызды кайтаруунун айласы. Анан да башкаруунун сапатын кантип жакшыртып, коррупцияга каршы кандай жол менен күрөшүү зарыл деген маселелерди чечүү керек.

Саавалайнендин маалыматына караганда, Кыргызстан менен Эларалык валюта фондусунун ортосунда 3 жылдык мөөнөттөгү жаңы программа кабыл алынышы ыктымал. Ошондой эле Кыргызстандын тышкы карызынын 450 миллион доллар өлчөмүндөгү бөлүгүн реструктуризациялоо маселеси эмдиги жылдын март айында каралмакчы.

Тапио Саавалайнен Кыргызстандын быйылкы жылдагы ички дүң продукциясынын өсүшү мурда күтүлгөн 4 проценттен да жакшы болуп, 5 процентти түзүшү күтүлүп жатканын белгиледи. Ошол эле учурда элдин жана өндүрүшчүлөрдүн нак акчага муктаждыгы артып, Кыргызстандын банктары кредитти көп бере баштады. Бирок ошол эле убакта Тапио Саавалайнендин айтымында, мунун экинчи бир тобокелдүү жагы бар:

- Анткени, кредитти көп берүү банктардын кредиттик портфельдеринин сапатын начарлатышы ыктымал. Ошондуктан банктардын ишине көзөмөлдү күчөтүү зарыл.

Маалымат жыйынынын соңунда Саавалайнен өкмөткө тийишелүү Кумтөрдөгү акциясын сатып алганы үчүн «Центерра голд» компаниясы төлөгөн акчанын тагдыры тууралуу айтып берди. Анын маалыматы боюнча, кыргыз өкмөтү акциясынын үчтөн бир бөлүгүн сатып, ал үчүн 85 миллион доллар алган, бирок акча Лондондогу «Централл» банкында сакталып турат жана процент таап жатат. Аны Кыргызстандын Улуттук банкына которууга Салык кодексиндеги бир катар карама-каршылыктар тоскоолдук кылууда, - деди Саавалайнен. Анын айтымында, эгер акча Кыргызстанга которулса ал таза пайда катары эсептелип, андан жол салыгы, МЧС салыгы баштаган бир катар салыктар алынат экен.

Эларалык валюта фондусу менен Кыргызстандын ортосундагы 3 жылдык программа соңуна чыгып баратканда айрым талдоочулар бул уюм менен иштешүүнүн оң жана терс жактарын таразалап жатышат. Айрым адистер Эларалык валюта фонду менен иштөөдөн Кыргызстан пайда таппай, өзүнүн жолун өзү аныктай албай, кыйналып келатат дешет.

- Эларалык валюта фонду – саясий уюм. Анткени алар көзөмөлгө алган бир да мамлекет өскөн жок. Мына ушулардын сунуш, кеңеши боюнча жүргүзгөн реформа Кыргызстандын элине пайда алып келген жок. Ошондуктан мен бул уюмдун саясатына макул эмесмин. Мына алалы – энергетика тармагы Эларалык валюта фондунун кеңеши менен реформаланды эле. Акырында азыр энергетика тармагы чоң кризисте турат, - деген пикирин айтты «Азаттыкка» Жогорку Кеңештин депутаты Орозбек Дүйшеев.
XS
SM
MD
LG