Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:24

25-августа «Алга, Кыргызстан» партиясынын Баткен облустук бөлүмүнүн конференциясы өттү


БАТКЕН. Жыйында алгач партиянын облустук кеңешинин төрагасы Каныбек Жороев облустук бөлүм түзүлгөндөн берки жасалган иштер тууралуу билдирүү жасады. Анда облустун бардык район, шаарларында партиянын бөлүмдөрү, жер-жерлерде 137 баштапкы уюм түзүлгөнү, облус боюнча партиянын мүчөлөрү 1358 адамга жеткени белгиленди. Мындан сырткары эл арасына сүнгүп кирүү менен партиянын иш аракеттери жөнүндө кеңири маалымат таратуу жана мүчөлөрдүн санын көбөйтүү тууралуу сөз болду. Андан соң жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка талапкерлердин тизмесин бекитүү маселеси каралып, 127 талапкердин тизмеси бекитилди. Ошондой эле бул шайлоодо жергиликтүү кеңештердеги 555 орундун ар бири үчүн күрөшүү зарылдыгы айтылды. Жыйындын соңунда 11-сентябрда өтүүчү партиянын республикалык курултайына облустан 30 делегат шайланды.

XS
SM
MD
LG