Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:05

Кыргызстандын учактарында коопсуздук чаралары күчөтүлдү


БИШКЕК. Россияда эки учактын кырсыкка учурашына байланыштуу «Манас» аба майданында коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Бул тууралуу аба майдандын президентинин жардамчы Надырбек Мамыров бүгүн билдирди. Ал эми президент Аскар Акаев Орусиядагы көптөгөн адамдардын өлүмүнө алып келген аба кырсыгына байланыштуу Путинге көңүл айтуу жолдоду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, 24-августа Орусияда ТУ-134 жана ТУ-154 учактары кырсыкка учурап, андан токсонго чукул адам набыт болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG