Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:15

Саавалайнен Кыргызстандын экономикасы өйдөлөп баратканын айтты


БИШКЕК. Соңку 2 жылда Кыргызстандын экономикасынын өсүшү жакшы. Мындай бааны Эл аралык валюта корунун миссиясынын башчысы Тапио Саавалайнен бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, жакынкы жылдарда Кыргызстандын экономикасы дагы 5-10 проценттик темп менен жогорулашы мүмкүн. Бирок ал алтынга болгон дүйнөлүк баа жана Орусия менен Казакстандын мунайынын баасына көз каранды. Эгерде алтындын дүйнөлүк баасы төмөндөп, мунайдын баасы өсүп кетсе Кыргызстандын экономикасына терс таасир тийгизиши ажеп эмес.

Ал эми азыр ички дүң продукцияга салыштырмалуу бюджеттин таңсыктыгы 4,4 процентти түзүп турат. Өкмөт аны 2007-жылга чейин 3,5 процентке төмөндөтүшү зарыл жана буга жаңыдан кабыл алынчу Салык кодексиндеги нормалар жол берет. Андан тышкары, камсыздандыруу төлөмүнүн көлөмүн 33 проценттен төмөндөтүп, көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу, бюджеттик мекемеде иштегендердин санын кыскартып, алардын маянасын көтөрүү зарыл.

XS
SM
MD
LG