Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:58

МИНСК МЕНЕН МАСКӨӨ: МАСЕЛЕ ЖОК


Нарын АЙЫП, Прага 23-августта Беларус менен Орусиянын президенттери Александр Лукашенка жана Владимир Путин Сочи курортунда жолугуп, эки өлкөнүн бирдиктүү мамлекет түзүү пландарын дагы бир жолу жарыялады. Бирок бирдиктүү акча киргизүү мөөнөтү дагы бир жылга кийинкиге калтырылды.

Сочидеги жолугушуудан кийин Беларус президенти Александр Лукашенка журналисттерге эки өлкө ортосунда чечилбеген бир да маселе калган жок деп билдирди. Путиндин айтымында, Орусиядан Беларуска газ жиберүү боюнча келишим түзүлдү жана орусиялык рубль эки өлкөнүн бирдиктүү акчасы катары эми 2006-жылдын 1-январынан тартып киргизилмей болду. Мурдагы келишимдер боюнча рубль бирдиктүү акча болуп 2005-жылдан тартып иштей баштамак.

Мындан туура бир жыл мурда дагы Путин менен Лукашенка ушул эле Сочи шаарында жолукканда, алар абалды мынчалык жакшы деп баалаган эмес жана Путин эки өлкө ортосунда бир топ маселе бар деп ачык айткан. Андан соң Орусиянын "Газпром" ишканасы Беларуска газ жиберүүнү токтотууга чейин барган. Анткен менен бара-бара мамилелер оңолду, бирок маселенин баары чечилдиби?

Минск шаарындагы Социоэкономикалык жана саясий изилдөөлөр борборунун кызматкери Владимир Дороховдун пикиринде, маселелер дагы көп:

- Маселелер чечилбестен калууда. Алар тууралуу президенттердин жолугушуусунда да айтылды. Бирдиктүү акча киргизүү дагы бир жылга кийинкиге калтырылды, демек бирдиктүү валюта маселеси калууда. Экинчи маселе - жеке менчиктештирүү. 'Белтрансгаз' компаниясын гана сатып албастан, орус капиталы Беларустагы бүткүл жеке менчиктештирүү жараянына кеңири катышууда.

Кээ бир кабарлар боюнча, Беларустун экономикасында орусиялык компаниялар кожоюн боло баштаганы президент Лукашенкага да жакпайт, бирок ал Кремилдин айтканынын баарына макул. Маскөөдөгү Эл аралык маселелер институтунун эксперти Кирил Коктыштын айтымында, анын себеби эл аралык абал менен байланыштуу:

- Эч кандай орчундуу жылыш болгон жок. Лукашенка жөн гана Путинге чуркап келип, аны америкалыктардан коргоп берүүнү суранды. Жана ага жардам көрсөтүлүшү мүмкүн. Лукашенка менен Путин ал тууралуу сүйлөштү, бирок ал жөн гана сөз.

Өткөн аптада Латвияга келген америкалык сенатор Жон Маккейн билдирүү жасап, америкалык жетекчилик Беларуска басым кылып, анын режимин алмаштырууга тийиш деп айткан. Журналисттер ал тууралуу Сочиде Путинден сураганда, орус президенти - Маккейндин пикири туура же туура эмес экенин мен билбейм, бирок беларустар өз жетекчилерин өздөрү тандаш керек деп билдирди.

Беларустун "Новости" аттуу интернет-журналынын редактору Александр Класковскийдин пикиринде болсо, беларус менен орус бийликтеринин мүнөзү деле бир-биринен көп айырмаланбайт:

- Беларус менен Орусиянын режимдери бир-бирине окшошуп баратат, ошондуктан аларга тил табышуу оңой. Эгер мурда беларус демократтары Лукашенканын үчүнчү жолу президент болушуна Маскөө каршы чыгат деп ойлосо, азыр ал таптакыр белгисиз.

Демократия же адам укуктарын коргоо маселелери Маскөө үчүн маанилүү эмес экенин Лукашенка да билет. Анткен менен маселелер көп. Мисал үчүн, эки өлкө бириксе, жаңы бирдиктүү мамлекеттин конституциялык түзүлүшү кандай болоору эмгиче белгисиз. Ал тууралуу Маскөө менен Минск ортосунда кандай сүйлөшүү болгону, болсо, кандай чечим кабыл алынганы да эч жерде жарыялана элек.

XS
SM
MD
LG