Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:20

КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ОРУСИЯ МАҢЗАТТАРГА КАРШЫ БИРГЕЛЕШИП КҮРӨШМӨКЧҮ


Бүгүн Бишкекте Россия менен Кыргызстан ортосунда «Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш боюнча тармактык кызматташтык тууралуу» макулдашуу кабыл алынды. Документке Россия тараптан баңги заттарды жүгүртүүнү көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматынын директору Виктор Черкесов, ал эми Кыргызстан тараптан баңги заттарды көзөмөлдөө агенттигинин директору Курманбек Кубатбеков кол коюшту.

Баңгизаттарга каршы күрөш боюнча кызматташтыкты негиздеген башкы документке, атап айтканда, «Өз ара түшүнүшүү тууралуу» меморандумга Россия менен Кыргызстан былтыр декабрда кол коюшкан.

Жаңы документке кол коюу учурундагы билдирүүлөргө караганда, тармактар аралык жаңы макулдашуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетет. Россиянын Федералдык кызматынын директору Виктор Черкесовдун айтымында, тараптар Россия менен Кыргызстанга таандык коркунучтарды четтетүү менен эле чектелишпейт:

- Бул трансулуттук кылмыштуулуктун өтө коркунучтуу, татаал жана масштабдуу түрлөрүнүн бири. Наркобизнес акыркы он жылда дүйнөдөгү көмүскө экономиканын ажырагыс бөлүгү, транзиттик өлкөлөрдүн криминалдашуусун күчөткөн коркунуч болуу менен эле чектелүүдөн калды. Бул коррупцияны азыктантчу негиз да болуп калды. Бул террорчул уюмдар үчүн өтө туруктуу жана фундаменталдык база.

Кыргызстан менен Россияны кооптондурган дагы бир жагдай: Бириккен Улуттар Уюму маңзат өндүрүүчү өлкө саналган Ооганстанда быйыл апийимдин түшүмү өткөн жылдан 50 пайызга көп болорун болжоп жатат. Былтыр бул өлкөдө 3600 тонна апийим жыйналып, андан 360 тонна героин өндүрүлгөн. Ооганстанда быйыл апийимдин түшүмдүү болуп жатышы калган транзиттик өлкөлөр сыяктуу эле Кыргызстанды да тынчсыздандырууда.

Кыргыз өкмөт башчысы Николай Танаевдин пикирине караганда, дагы бир тынчсыздандыруучу жагдай - Россиянын чегара кызматынын Тажикстандын аймагынан кетип жатышы. Бул тууралуу пикирин Танаев Черкесов менен жолугушуу учурунда билдирди:

- Кооптонтуп турган дагы бир жагдай – учурда Россия Федерациясынын чегара кызматы өзүнүн Тажикстандагы кызматын тажикстандык чегарачыларга өткөрүп берип жатат. Чынын айтканда, бул бизди тынчсыздандырууда. Ошондуктан, биз чегарада да, өлкө ичинде да күчөтүлгөн коопсуздук чараларын көрүүгө аргасызбыз. Канткен менен, маңзат бул сатылчу товар, болгондо да кымбат баада сатылчу товар.

Россиянын маңзаттарды көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматынын директору кийинчерээк маалымат жыйынында билдиргенине караганда, бул маселе биротоло чечилди деп айтууга эрте. Бирок Россия чегарачыларынын ооган-тажик чегарасынан кетиши дээринде жагдайга тескери таасир этиши калетсиз:

- Бул Кыргызстанга да, Россияга да, Тажикстандын өзүнө да тескери таасир берет. Бул маселе Тажикстандын демилгеси боюнча талкууга курч коюлуп жатат. Азыр тажик-ооган чегарасынан Россиянын чегара бөлүгүн алып кетүүнүн мөөнөтү боюнча чечим кабыл алынып жатат. Менимче, Ооганстан аймагындагы ар кыл коркунучтарды кармоочу күчкө Тажикстан да, КМШ мамлекеттери да муктаж. Бул актуалдуулук өзүн көп жыл бою жоготпойт. Ошондуктан, жалпы, анын ичинде Тажикстандын өзүнүн кызыкчылыгы үчүн бүгүнкү статус-квону сактап калуу орундуу.

Бишкек жолугушуусунда эки мамлекеттин расмий өкүлдөрү баңгизат ташуучу жолдун удулундагы өлкөлөрдүн биргелешип кызматташуусу бардык коркунучтарга олуттуу такоор бере аларын белгилешти. Ошондой эле баңгизаттарга каршы күрөш боюнча мекемелер кабыл алган жаңы макулдашуу күч бириктирүүнүн бир мисалы катары аталды. Маңзаттарга каршы күрөш боюнча агенттиктин башчысы Курманбек Кубатбековдун айтымында:

- Дал ушул иш чараларды маңзат ташуучу жолдун оозунда уюштуруу алда канча натыйжалуу болот. Себеби, түндүк маршрут Тажикстан аркылуу Кыргызстан, Казакстан, Россия болуп кетет. Ошондуктан, жаңы макулдашуу мындан аркы маалымат, тажрыйба алмашуу, техникалык жана башка жардамдарды көрсөтүү багытындагы ишмердүүлүгүбүзгө олуттуу түрткү болот.

Адистердин айтымында, Ооганстан апийими азыр Тажикстан, Кыргызстан, Казакстан, Россия аркылуу Европага, андан ары Америка Кошмо Штаттарына чейин жетүүдө. Кыргызстан үчүн дагы бир кооптуу жагдай – ошол маңзаттын бир бөлүгү Кыргызстандын өзүндө калып жатат.

- Биз үчүн кооптуу жагдай – маңзаттардын бир бөлүгү өлкө ичинде калып жатат. Биз азыр Ооганстандагы кырдаалга кооптонуу менен карап турабыз,-деди Николай Танаев.

Кыргыз агенттигинин директору Курманбек Кубатбековдун маалыматына караганда, Кыргызстанда азыр 6 миң баңги ырасмий каттоодо турат. Эл аралык эксперттер болсо алардын саны ырасмий маалыматтан кеминде 10-15 эсе көп экендигин белгилеп жүрүшөт.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG