Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:22

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕГАРАСЫНДА МИНА ТАЗАЛОО ИШТЕРИ БАШТАЛДЫ


Шайырбек Эркин уулу, Баткен Өзбекстандын куралдуу күчтөрү 16-августтан тарта кыргыз-өзбек чегарасына коюлган миналарды тазалай баштады. Мындай иштер учурда Баткен району менен Өзбекстандын Сох районунун чектешкен аймактарында жүрүүдө. Бирок мина тазалоону Өзбекстан өз алдынча жасап жаткандыктан анын кандай жүрүп жатканы, чегара тилкесинин канча чакырымы минадан тазаланганы азырынча кыргыз тарапка бүдөмүк. Ал эми акыркы төрт-беш жылдан бери чегарага көмүлгөн миналардын азабын тартып келген Баткен облусунун калкы кошуна өлкөнүн мындай аракетин жакшы жышаан катары баалап жатышат.

Өзбекстандын чегарадагы миналарды тазалай башташы - акыркы беш жылдан бери мина коркунучунун астында жашап келген Баткендин аталган өлкөгө чектеш жайгашкан айылдарынын калкы үчүн өзгөчө жаңылык болду. Мындай жөрөлгөнү зор кубануу менен кабыл алганын Актурпак айылынын тургуну, 1999-жылы мал багып жүргөн жеринен минага кабылып, жаракат алган Акылбек аттуу баланын атасы Мамасабыр Балтабаев төмөнкүчө билдирет:

- Менин уулум Балтабаев Акылбек 1999-жылы мал айдап келатып кокусунан минага кабалып калды. Менин 30 эчким бар эле, тогузу ошол жерде жарылып, калганы жоголуп кетти. Балам эсен-аман калганы үчүн байлыкты эстегеним жок. Бүгүн миналарды алып жатканына абдан кубанычтабыз. Ушундай тынчтыгыбыз дайыма боло берсин.

Ушул эле ойду аталган айылдын тургундары Өлмаскан Атабекова менен Ташмурат Макамбаев мындайча улантышат:

- Өзбекстан эң жакшы ишти баштаптыр. Миналарды алып салса эки элдин ортосундагы карым-катнаш чыңалып, ата-бабаларыбыз миңдеген жылдардан бери бекемдеген достук дагы бекемделип, биздин турмушубуз жакшы жакка жылат.

- Миналарды тазалап атканы чын болсун, мындан ары достугубуз күчөй берсин - дешет Баткендин Актурпак айылынын жашоочулары.

1999-жылы Баткенге кол салган куралчан топторго каршы күрөшүү учурунда өзбек тарап өзүн коргоо максатында чегарага мина койгон. Бул миналардан Баткен облусунун аймагында 14 жарылуу болуп, андан облустун эки тургуну каза таап, үчөө оор жараат алган. Мындан сырткары эл бир канча мал-жанынан ажырап, жалпысынан 7 миллион сомго жакын чыгым тарткан. Кыргыз тараптын миналарды тазалоо же мина көмүлгөн аймактардын картасын берүү тууралуу өзбек бийлигине жасаган бир канча кайрылууларынан буга дейре эч кандай майнап чыкпай келген эле.

Ал эми ушул жылдын июнь айында өткөн Европа коопсуздугу жана кызматташтыгы уюмунун туруктуу кеңешинин жыйынына катышкан Өзбекстандын өкүлдөрү чегарага коюлган миналарды жакын арада тазалоону убада кылган.

Натыйжада өзбек тарап 16-августтан тарта мина тазалоо иштерин баштады. Бирок бул иштин кандай жүрүп жатканы азырынча кыргыз тарапка бүдөмүк. Чегара маселелерин иликтеп жүргөн баткендик аналитик-конфликтолог Зайырбек Эргешов күмөн саноолор болбошу үчүн бул иштер ачык-айкын жүргүзүлүүгө тийиш эле деп эсептейт:

- Кыргыз-өзбек чегарасындагы миналарды тазалоо, албетте, жакшы жөрөлгө. Бирок биздин билишибизче Өзбекстан бул ишти ачык-айкын эмес, бир тараптуу өткөрүп жатат. Башкача айтканда, ал жерде кыргыз тараптан эч ким катышкан эмес. Ушул өзү күмөн саноону туудуруп жатат. Биз дагы ушул жылдын башында мина маселесин иликтеп, талдап чыкканбыз. Биринчиден, минаны тазалоо көп убакытты жана каражатты талап кылат. Экинчиден, Өзбекстан минаны татаал шарттагы тоолуу аймактарга койгон. Демек, минаны алуу бир топ кыйынчылыктарды туудурат деп айтсак жаңылышпайбыз. Эгер эч кимге айтпай, маалымат бербей өз алдынча жүргүзө берсе эл арасында күмөн саноолор көбөйө берет - дейт баткендик Зайырбек Эргешов.

Ал эми Баткен чегара бөлүгүнүн башчысынын орун басары, майор Толкунбек Хусаиновдун пикирине караганда мина талаалары толук тазаланарына кепилдик берүү кыйын:

- Кыргызстан бүгүнкү күндө чегарасын коргоого толук мүмкүнчүлүгү, күч-кубаты жетээрин өзбек тарап акыры түшүндү. Бул - мина тазалоону баштоого кандайдыр бир деңгээлде түрткү берди. Бирок өзбек тарап мина талааларынын картасын бизге дале көрсөтпөй жаткандыктан миналар боюнча бизде так малымат жок. Миналар негизинен тоолуу жерлерге коюлгандыктан, көчкү астында калышы мүмкүн делген миналар алынар-алынбасы да бизге белгисиз. Кыскасын айтканда, Өзбекстан мина талаалары толук бойдон тазаланарына кепилдик береби-жокпу, бул маселе ачык бойдон калууда - деди майор Толкунбек Хусайинов.

Ишемби күнү облустук бийликтин жана Баткен чегара бөлүгүнүн өкүлдөрү Өзбекстандын куралдуу күчтөрү тарабынан жүргүзүлүп жаткан мина тазалоо иштеринин жүрүшү тууралуу кабар алуу максатында Өзбекстандын Сох районундагы чегара бөлүгүнүн жетекчилиги менен жолугушту. Анда Сох чегара бөлүгүнүн жетекчилиги мина тазалоо учурда Сох району менен Баткендин Тортгүл айыл өкмөтүнүн чектешкен аймактарында жүрүп жатканын, бирок аны 1999-жылы чегараны миналаган 25 адамдан турган атайын топ жүргүзүп жаткандыктан бул иш боюнча эч кандай маалыматы жоктугун айтышкан.

Бул жөнүндө облустук акимчиликтин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Таштемир Эшалиевди уксак:

- Сох чегара бөлүмүнүн башчысы менен жолугуп бизге маалымат берүүсүн сурандык. Миналарды алдык деп бизди ишендирип, бир маалымат бериңиздер деп биз сунуш кылдык. Бирок Өзбекстандын чегара кызматкерлери, аны биз деле айта албайбыз, адистер өздөрү иштеп, бизди деле жакын жолоткон жок, деп айтышты. Бул бүдөмүк маалыматты качан так бере аласыңар деген суроону койдук. Бирок алар өздөрү дагы аны бизге айта албады, - дейт облустук бийликтин өкүлү Таштемир Эшалиев.

Өзбек тараптын маалыматына караганда мина тазалоо иштери сентябрь айынын аяк ченинде соңуна чыгат. Ал эми чегара аймактарында жашаган эл мина коркунучунан толук кутулабы-жокпу азырынча белгисиз.
XS
SM
MD
LG