Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:28

Кыргызстандык балбан жарым финалда ирандык атаандашы менен беттешет


Олимпиадада өз өлкөсүнө алгачкы алтын медалды кечээ Азербайжандык балбан Фарид Мансуров жана Израилдик спортчу Гал Фридман тартуулашты. Айтмакчы, Израил үчүн бул дегеле Олимпиада тарыхындагы алгачкы алтын медал болду. Орусиялык спортчулар кечээки мелдештерде 4 алтын медал утуп алышып, өз өлкөсүн дүйнөлүк тизмеде 5-орунга чыгарышты. Өз кабарчыбыз Кабыл Макеш Афинадан билдиргендей, бул күнү Кыргызстандык балбан Данияр Көбөнов алгачкы беттешүүдө жапон атаандашын утуп алып, кийинки таймашта Финляндиялык балбанга жеңилип калды. Бул күнү эки атаандашын тең ишенимдүү жеңген кыргызстандык балбан Геннадий Чхаидзе бүгүн жарым финалда ирандык атаандашы менен күрөшкө чыгат. 26-августта Кыргызстандык жеңил атлетчи Татьяна Ефименко бийиктикке секирүү боюнча мелдешке катышып, эркин күрөш боюнча 3 балбан чучу кулак кармап, атаандаштарын аныкташат.

Дүйнөлүк таңкы жаңылыктарды Венера Сагындык кызы Прагадан даярдады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG