Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:23

Нажафта АКШлык учактар шийи согушкерлери жашырынган жайларга сокку урушту


Өткөн түнү башталган аба чабуулдары бүгүн таңга маал улантылганы маалымдалды. Кабар агенттиктери жергиликтүү жашоочулардын айткандарына таянып, америкалык аскерий учактар шаардагы ыйык жай саналган Имам Алинин күмбөзүнө чукул аймактарды бутага алганын билдиришти. Ошол жайларда жашырынган шийи жоочулары үч аптадан бери АКШлык аскерлер менен Ирактын өкмөттүк күчтөрүнө каршылык көрсөтүүдө. Ирактык шийилердин диний көсөмү Аятолла Али ас-Систани Лондондогу дарылануусун бүтүрүп, Иракка кайтып барды. Анын кеңешчилери ас-Систани жакын арада Нажафтагы салгылаштарды токтотуу максатында ал жерге барганы жатканын маалымдашты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG