Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:21

Казакстандын маалымат министри иштен убактылуу кетти


Казак оппозициясынын лидерлеринин бири 19-сентябрдагы парламенттик шайлоого катышмакчы. Алтынбек Сарсенбаев - казак өкмөтүндөгү жалгыз оппозиция өкүлү. Ал эң таасирдүү оппозициячыл Ак-Жол партиясынын тең-төрагасы.

Маалымат министрлиги таркаткан билдирүүдө айтылгандай, Алтынбек Сарсенбаев шайлоого чейин министрлик кызматын убактылуу токтотууга президент Назарбаевден уруксат алды. Сарсенбаев министрликти жетектөөгө өткөн айда бекиген эле.

Дүйнөлүк соңку жаңылыктарды Прагадан Жаңыл Жусубжан даярдады.

XS
SM
MD
LG